Балдар укуктарынын айлыгынын алкагында Акыйкатчынын Баткен өкүлчүлүгү бир катар мектептерге мониторинг жүргүздү

25/02/2022 - 15:55

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери балдардын укуктарын коргоо боюнча бир айлыктын алкагында 2022-жылдын 17-фералы күнү Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Ш. Токсонов атындагы орто мектепте барып,  мугалимдер жана бүтүрүүчү класстар менен жолугуп, бир айлыктын максатын, Акыйкатчы (Омбудсмен) институту жана өкүлчүлүк тууралуу кеңири маалымат берип, берилген суроолорго жооп берди.

Андан кийин өкүлчүлүктүн кызматкерлери Кадамжай районунун, Үч -Коргон көмөкчү жатак мектебине барышып, мектептин корпустарына, мончо,  кир жуучу жай, ашканасына мониторинг жүргүзүштү.  Кызматкерлер  тарабынан окуучулардын бир сабагына катышуу болуп, бир айлык жана  Акыйкатчы (Омбудсмен) институту  тууралуу кенири маалымат берди.

Ушундай эле иш-чара  2022-жылдын 24-февраль күнү  Лейлек районунун, Кулуңду айыл аймагынын, Максат айылында жайгашкан "Максат" орто мектебинде да болду.