Бакай Ата районундагы Чалдовар мектеп-интернатындагы жолугушуу

18/11/2020 - 15:48

Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 72 жылдыгына карата иш чаралар уланууда. 

КР Акыйкатчысы тарабынан жарыяланган бир айлыктын алкактарында  Акыйкатчынын Талас өкүлчүлүгү  2020-жылдын 17-ноябрында  Бакай Ата районундагы Чалдовар мектеп-интернатына барышып, 9-10-класстын окуучулары менен  жолугушуу  өткөрүлдү.  Жолугушуу учурунда адам укуктары жана эркиндиктери, аларды коргоонун жолдору жана КР Акыйкатчы аппараты тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Окуучулар менен  суроо-жооп болду.