Азимжан Аскаров №19 түзөтүү колониясында симптоматикалык дарылоону алып жатат, бирок №47 ТК дарылануудан баш тартат

20/07/2020 - 14:31

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытовдун тапшырмасы менен Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери 2020-жылдын 16-июлунда, КРӨ караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №19 мекемесине барып, ал жерде соттолгон Азимжан Аскаров менен жолугушуп, анын ден-соолугунун абалы жөнүндө сүйлөшүштү.

КРӨ караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №19 ТК медициналык бөлүмүнүн башчысы Э.Курманалиев белгилегендей, А.Аскаровдун дене температурасы бир нече күн бою 38,5°Сга чейин көтөрүлүп, кан басымы нормадан бир аз төмөн болгон. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын кызматкери менен жолугушуу учурунда соттолгон А.Аскаров анын денесинин температурасы бир нече күн бою туруктуу эмес экендигин, муундары ооруп, тамакка табит жок болуп, кусуу рефлекси болгонун ырастады.

Акыйкатчынын өкүлдөрүнүн катышуусунда аталган мекеменин дарыгерлери А.Аскаровдун дене температурасын жана кан басымын өлчөшкөн, андан кийин тиешелүү акт түзүлгөн: дене температурасы 36,9°C, кан басымы 100/60б.

Соттолгон А.Аскаровдун ден-соолугун чыңдоо үчүн, №19 ТК дарыгерлери бардык чараларды көрүүдө-деп түшүндүрдү аталган медициналык бөлүмүнүн башчысы Э.Курманалиев, атап айтканда: А.Аскаров венага тамыр аркылуу глюкозаны, тамчылатма витаминдерди, температураны калыбына келтирүүчү литикалык аралашманы, ошондой эле тиешелүү симптоматикалык дарылоону алып жатат. Ошол эле учурда, аталган медициналык бөлүмүнүн башчысы мекемеде бейтаптарды текшерүү үчүн заманбап шаймандар жана керектүү дары-дармектер жетишсиз экендигин белгиледи. Ага карабастан, А.Аскаров өнөкөт ооруларына карата дарыланып жатат.

Андан кийин Акыйкатчынын өкүлдөрү камактагылар CoViD-19 коронавирустук инфекциясы үчүн ПЦР тестинен өткөн-өтпөгөнү жөнүндө сурашты.

Э.Курманалиев төмөнкүлөрдү билдирди: “Камактагылар эч ким менен байланышпаганына байланыштуу, ПЦР анализине тапшырууга эч кандай негиз жок, алар камераларда. Ал эми мекеменин кызматкерлери мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүп атышат. Азыркы учурда А.Аскаровдун абалы канааттандырарлык ".

Сүйлөшүүнүн аягында А.Аскаров андан ары дарылануу үчүн №47 ТКна которулууга макул эместигин билдирди, анткени анын сөзү боюнча, "ал жакта эч кандай дарылабайт, эгер дары-дармектер болсо, ал №19 мекемеде дарыланууга даяр, аялы керектүү дары-дармектерди сатып алуу үчүн колонияга акча которууга даяр ”.

Бирок №19 ТК медициналык бөлүмүнүн башчысы бул мыйзамга каршы келерин түшүндүрдү. "Туугандары өз алдынча керектүү дары-дармектерди сатып алып, №19 ТК администрациясы аркылуу соттолгон А.Аскаровго өткөрүп бере алышат", - деп айтты Э.Курманалиев.

Бул жолугушуунун аягында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын өкүлдөрү А.Аскаровго өзүнүн укуктарын эскертишип, укуктары бузулган учурларда Акыйкатчы аппаратын арыз менен кайрылса болорун, ошондой эле туугандары тарабынан дары-дармектерди №19 ТК администрациясы аркылуу өткөрүп берүү мүмкүнчүлүктөрү жана тартиби жөнүндө маалымат беришти.