Айзада Канатбекованы уурдоого жана анын өлүмүнө күнөөлүүлөрдүн баары жазаланууга тийиш

08/04/2021 - 15:04

2021-жылдын 7-мартында коомчулук ала качуунун курмандыгы болуп, анын айынан көз жумган Айзаданын окуясы коомчулукту дүрбөлөңгө салды.

Айзада Канатбекованы уурдалган фактысы, анын өлтүрүлүшү жана жана аны өлтүргөн адамдын өлүмү да тыкыр иликтениши керек. Мындан сырткары кызды уурдоого катыштыгы бар адамдардын баарысы кылмыштын катышуучусу катары катуу жазаланууга тийиш.

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБ кызматкерлерине карата да тиешелүү жазалоо каралууга тийиш, анткени уурдалган кыздын апасынын өз убагында кайрылуусу, кылмыш жасалып жаткан учур,  автоунаанын номерлери видеокамерага түшкөнүнө карабастан укук коргоо кызматкерлери ыкчам аракеттерди көрүшкөн эместиги көрүнүп турат.   Бирок Биринчи май РИИБ жетекчилигинин жана кызматкерлеринин өзүлөрүнүн иш милдеттерине шалаакы мамилеси эки адамдын өлүмүнө себепкер болду. Ошол себептен баардык күнөөлүүлөр КР Жазык кодекси боюнча жазаланууга тийиш..

Ошондой эле КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери 2018-жылы май айында 19 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын мисалы Кыргызстандын укук коргоо органдарына сабак болууга тийиш эле, аялдарды жана кыздардын өмүрүн сактоону камсыздоого багытталган ченемдик-укуктук актылардын аткарылышы үчүн зарыл болгон чаралардын баарын көрүүсү зарыл эле деп эсептейт.

Бүгүн КР коомчулугун республиканын укук коргоо органдарынын аракетсиздигинин кезектеги фактысы кыжырдантып жатат.

Мындан сырткары, Токон Мамытов ИИМ жетекчилигине төмөнкү суроолор менен кайрылат: 1) КР Өкмөтү тарабынан бир топ каражат жумшалган “Коопсуз шаар” долбоору иш жүзүндө иштейби же иштебейби? 2) Эгер КР ИИМ жетекчилиги жар салгандай иштеп турса жана кыргызстандыктардын коопсуздугун, алардын мүлктөрүнүн сакталуусун  ж.б. камсыздаса, эмне үчүн укук коргоо органдары анын мүмкүнчүлүктөрүнөн натыйжалуу пайдалана алышпайт? 3) КР ИИМ жетекчилиги  кандай чараларды көрүп, Кыргызстанда криминогендик жагдайды төмөндөтүү боюнча  иш чараларды кайсы мөөнөттө камсыздай алат?  

Мындан сырткары КР Акыйкатчысы Токон Мамытов., Айзада Канатбекованын уурдалышына жана өлүмүнө байланышкан кылмышты  КР Жазык кодексинин 175 (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) беренесинде каралган кылмыштар боюнча эмес, КР Жазык кодексинин 170-беренеси Киши уурдоо  боюнча жиктеп, иликтөө жүргүзүү зарыл деп эсептейт. Коомчулук никеге туруу үчүн кыздарды, ала качуу коом үчүн жат көрүнүш, -деп белгилейт

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жана анын жалпы жамааты  Айзада Канатбекованын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат.