А.Т. айым Кордай районунда калууну чечкен

15/11/2019 - 17:18

Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун прокуратурасы тарабынан зордукчуга карата протокол түзүлдү, а бирок биздин жаран жарандык никедеги күйөөсү менен Кордай районунда каларын билдирди.

Буга чейин, Акыйкатчынын басма сөз кызматы КР Акыйкатчысына жубайлар Л.К. жана А.А. аттуу  кайрылып, алардын 1993-жылы туулган кызы А.Т. Казакстан Республикасынын жараны  Б.Р  менен жарандык никеде тураарын , андан А.Т. аттуу кыз жана Б. Д. аттуу уулду болгонун, учурда алар болжолдуу түрдө Кордай районунда жашап жатканын айтышкан.

Алар арызында, кызы жана кичинекей неберелери Б.Р. тарабынан дайыма зомбулукка кабылып, кордолуп келерин, азыр да А.Т. ооруканада жатканын, кызы жана анын балдары Кыргызстанга кайтып келүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан.

Аталган арыз боюнча Токон Мамытов тийиштүү катты Кыргыз Республикасынын  Башкы прокуратурасына жазган. Алар өз кезегинде Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун прокуратурасына жазган. Акыйкатчы андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана Казакстан Республикасынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Э. Азимовага да кайрылып, мекендешибиз  А.Т.  кайтып келүүсүнө жардам көрсөтүүсүн өтүнгөн.

Жамбыл облусунун прокуратурасы бул арызды карагандан кийинки жоопко таянсак, А.Т. жана анын кичинекей балдары Кордай районунун  борбордук ооруканасына медициналык кароодон өтүү үчүн жаткырылган. 2019-жылы 28-октябрда Т.А. ооруканада кыз төрөгөн.

Учурда бардыгы зарыл болгон медициналык жардамды алып жатышат.

Аны менен бирге, Кордай райондук акимиаттын билим берүү бөлүмүнүн алдындагы камкордукка алуу орган жашы жете элек Б.Д. туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан, документтештирүүгө жардам  берип жатат.

 А.Т. сураганда күйөөсү Б.Р. тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын, бирок ал менен мындан ары балдары менен чогуу жашай берерин айтып, Кыргыз Республикасына баруудан өз ыктыяры менен баш тарткан.

Буга байланыштуу, Кордай райондук полиция органы тарабынан 24.10.2019-ж  Б.Р. карата Казакстан Республикасынын“Административдик укук бузуулар” кодексинин 73-беренесинини 1-бөлүмүн (үй-бүлөлүк-чарбалык мамилелердеги мыйзамсыз иш-аракеттер) бузганы үчүн протокол түзүлдү. Соттук кароонун жыйынтыгы боюнча укук бузуучуга тийиштүү административдик чара колдонулат.

 А.Т. тарабынан миграциялык мыйзам бузуу табылган эмес. Ал мезгил-мезгили менен Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек арадан өтүп турган. Миграциялык картасы бар.

 “Айтылган жүйөөлөр боюнча А.Т. жана анын балдарын Кыргызстанга кайтарууну камсыз кылуу мүмкүн эмес”-деп жазылган Жамбыл облусунун прокурорунун орун басарынын колу коюлган катта.