Аймактык пробация органдарынын мониторингинин алдын ала жыйынтыктары пробациянын кардарларынын өз укуктары жөнүндө маалыматы өтө төмөн экендигин көрсөттү

18/08/2022 - 12:04

2022-жылдын 1-августунан 12-августуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) колдоосу менен пилоттук долбоордун алкагында пробациянын кардарларынын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча аймактык пробация органдарына тышкы мониторинг жүргүзүштү.

Аймактык пробация органдарынын мониторингинин алдын ала жыйынтыктары пробациянын кардарларынын өз укуктары жөнүндө маалыматы өтө төмөн экендигин көрсөттү, бул аймактардагы калктын укуктук сабаттуулугунун деңгээлине жана пробация кызматкерлери тарабынан сапатсыз түшүндүрүү иштерине түздөн-түз байланыштуу.

Тажрыйба көрсөткөндөй, жер-жерлерде пробация органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер коомдон обочолонууга байланышпаган жазаны аткарууга багытталган. Ошол эле учурда пробациянын кардарларын оңдоо жана социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү түрүндөгү пробациянын негизги максаттарынын бири алиге чейин жетишиле элек жана бул багыттагы иш формалдуу бойдон калууда.

Пробациялык көзөмөлдүн башталышынын туура эмес эсептелишинин айрым учурлары бар, бул пробациянын кардарлары үчүн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келбеген мезгилге ар кандай чектөөлөрдү белгилөөгө алып келет. Бул факт боюнча пробациянын кардарларынын бузулган укуктарын калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппараты Кыргыз Республикасынын пробация департаментинин жетекчисинин атына пробациялык көзөмөлдү эсептөө мөөнөтүн мыйзамдарга ылайык келтирүү өтүнүчү менен расмий кат жөнөтөт.

Мониторингдин так жыйынтыктары сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр менен жыйынтыктоочу отчётто чагылдырылат, ал тиешелүү органдарга берилет.