Атыр Абдрахматова: Пробация – бул бир катар жарандарга жеңил кылмыштар үчүн кылмыш жазасынан кутулуу үчүн гумандуу мүмкүнчүлүк

27/04/2022 - 15:09

Ушул жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Терроризмге, зордук-зомбулук анын радикалдашына каршы күрөшүү боюнча багыттагы 4 программанын эл аралык долбоорунун координатору Аисия Кадри Юлианни жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын улуттук координатору Кубан Исмаилов менен жолугушту.

Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү Акыйкатчыга алар Борбордук Азия мамлекеттери үчүн баңги заттарын көзөмөлдөө, чек араны башкаруу, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, жазык сот адилеттигин өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин камтыган бирдиктүү комплекстүү программаны ишке ашырып жатканын билдирди. Ошону менен бирге Программа Кыргызстандын улуттук артыкчылыктарын колдоого багытталган.

Өз кезегинде Атыр Абдрахматова белгилегендей, Кыргызстан үчүн пробация өзүнүн калыптануусунун табигый баскычынан өтүп жаткан жаңы институт болуп саналат, ошондуктан анын иш-аракеттерине кылдат көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле аны колдонуунун ыкмаларына жана натыйжаларына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, анан албетте, аныкталган проблемаларды, кыйынчылыктарды жана каталарды мындан аркы иште эске алуу керек.

«Пробация – бул бир катар жарандарга анча оор эмес кылмыштар үчүн кылмыш жазасынан кутулуу үчүн гумандуу мүмкүнчүлүк. Мына ушул жолго түшүү керек. Кыргызстанда пробация институтунун киргизилиши көптөгөн адамдардын тагдырларын сактап калат, мыйзам алдында күнөөлүү адамды гана эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрүн да сактап калат», - деп баса белгиледи КР Акыйкатчысы.