Атыр Абдрахматова Ош облусунун жашоочулары жана укук коргоо уюмдары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт

13/05/2022 - 12:56

Ушул жылдын 18-майынан 21-майына чейин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын Ош шаарына жана Ош облусуна иш сапары болот.

Тактап айтканда, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунан жана Ош шаарынын өзүндө жашаган жарандар кабыл алынат. Ошондой эле «Инсан Диамонд бейөкмөт уюмунун, «Центр содействия международной защите», «Луч Соломона» коомдук бирикмесинин, «Ак Жүрөк» кризистик борборунун жана «Новый ритм», «Youth of Osh», «Позитивный диалог», Кызыл Жарым Ай сыяктуу жаштар уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар мерчемделген. Акыйкатчы менен жолугушууга облустук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү да катышат.

Кошумча маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алса болот: 0-555-625-999, 0-772-262-992.