Атыр Абдрахматова өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту

17/08/2022 - 12:37

КР Акыйкатчысынын аппараты Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата зомбулук темасында альтернативдүү баяндама даярдап жатат.

Бүгүн, 12.08.2022-жылы Акыйкатчы А.Абрахматова ушул багытта иштеп жаткан өкмөттүк эмес уюмдардын (Кризистик борборлор ассоциациясы, "Шанс", "Сезим" кризистик борбору, Балдардын укугун коргоочулар лигасы ж. б.) өкүлдөрү менен жолугушуп, баяндама боюнча маселелерди талкуулады. Баяндама укук коргоо тутумунда реформа жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн жана Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун күчөп бараткан көйгөйүн коомчулукка жеткирүүгө багытталган. Жолугушууда аты аталгандай, аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселелери талкууланып, бул жаатагы төмөнкү көйгөйлөр айтылды:

1. Укук коргоо органдары тарабынан РИИБде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча берилген статистика так эмес, анткени зомбулуктун бардык учурлары катталбайт же башкача каттап коюшат.

2. Күбөлөр институту иштебейт, мамлекет тарабынан каржыланбайт ( күбөлөрдүн баш калкалоочу жайы, убактылуу жайгаштыруу).

3. Зомбулуктун курмандыктарына жардам көрсөтүү, алардын конституциялык укуктарын коргоо системасынын жоктугу.

3. Соттордо жашы жете электерди коргоодо мамлекеттик органдардын кызматкерлери (прокуратура, милиция) көбүнчө зомбулуктун курмандыктары тарапта эмес.

4. Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам линиясы боюнча көрсөтүлгөн адвокаттар сапатсыз кызмат көрсөтүшөт. Болбосо мамлекет тарабынан ири каражаттар салынган. Ошондуктан зомбулуктун курмандыктары өкмөттүк эмес уюмдарга, кризистик борборлорго адвокаттык жардам сурап кайрылууга аргасыз болушат ж.б.

А.Абдрахматованын жетекчилиги астында зомбулукка кабылган аялдарды жана балдарды коргоонун мамлекеттик тутумунун маселелери боюнча бейөкмөт уюмдардын фокус-группалары менен жолугушуулар туруктуу негизде өткөрүлмөкчү.

Мындан тышкары, КР Акыйкатчысы менен зомбулуктан жапа чеккендерге психологиялык, юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлордун ортосунда өз ара аракеттенүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандумдар даярдалууда.