Атыр Абдрахматова: Кыргызстан адам укуктары боюнча хабды түзөт

28/06/2022 - 14:23

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова «Адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууда Борбордук Азия мамлекеттеринин Омбудсмендеринин кызматташтыгы» деген темада Борбор Азия өлкөлөрүнүн Омбудсмендеринин 1-(биринчи) форумуна катышууда.

Иш-чара 28-июнда Ташкент шаарында «Өзбекстан» Эл аралык форумдар сарайында өттү.

Форумга Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Туркменистандын Омбудсмендери катышты.

Улуттук адам укугун коргоо мекемелеринин биринчи Форумунда төмөнкү маселелер талкууланды:

  • Аялдардын, үй-бүлөлөрдүн жана балдардын укуктарын коргоонун жана аны илгерилетүүнүн маанилүүлүгү жана мында санариптик технологиялардын ролу;
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоонун жана илгерилетүүнүн маанилүү аспектилери;
  • Жаза аткаруу мекемелеринде кармалган адамдардын укуктарын камсыз кылууда эл аралык стандарттардын мааниси.

Жаза аткаруу мекемелеринде кармалган адамдардын укуктарын камсыз кылууда эл аралык стандарттардын маанилүүлүгүнө арналган Форумдун III сессиясында сөз сүйлөгөн, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова эгемендүүлүк жылдарында Борбордук Азия өлкөлөрүндө адам укуктары жаатындагы жалпы баалуулуктар калыптанганын жана бул процесс уланып жатканын айтып, «Ооба, алар дагы эле эл аралык стандарттарга толук жооп бербейт, бирок биз алдыга жылып, жакшырып жатабыз», – деп баса белгиледи.

Акыйкатчы биргелешкен күч-аракет жана тыгыз кызматташтыкта, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Омбудсмендеринин тынымсыз тажрыйба алмашуусу менен эркинен ажыратуу жайларындагы адам укуктарынын абалын жакшыртуу жемиштүү болоруна ишенимин билдирди.

Кыргызстанда камактагылардын укуктары боюнча түзүлгөн кырдаалга токтолуп, КР Акыйкатчысы «Эркинен ажыратууга соттолгон адам жасаган кылмышы канчалык оор экендигине карабастан, адамдык кадыры сакталып калышы керектигин белгиледи.

Акыйкатчынын милдети эркиндигинен ажыратуу жайларында жарандардын укуктарынын сакталышына туруктуу мониторинг жүргүзүү жана контролдоо аркылуу өзүнө алынган милдеттердин абалын жана төмөндөгүлөргө шарттарды түзүү зарылдыгын эскертип туруу болуп саналат. Алар:

– соттолгондордун өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугу;

– соттолгондорду түзөтүү каражаттарын пайдалануу аркылуу социалдык адилеттүүлүккө жетишүү».

Акыйкатчы А.Абдрахматова ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген кесиптештерине Кыргыз Республикасы адам укуктары боюнча хабды – «Адам укуктары боюнча аймактык институтун» түзөт, бул адам укуктарын коргоодо эң мыкты эффективдүү тажрыйбаны жаратуу аркылуу өлкөбүздүн мыйзамдарын эл аралык стандарттарга жеткирүүдө Борбордук Азиянын улуттук укук коргоо мекемелеринин алдыга умтулуусун бекемдерин маалымдады.

«Биз бүгүн Ташкентте – улуттук укук коргоочулар кол койгон декларацияда каралган жоболорду иш жүзүнө ашырууну жана кеңейтүүнү сунуштайбыз. Мындан тышкары, Адам укуктары боюнча регионалдык институттун ишмердүүлүгүнүн алкагында биз өлкөбүздүн жана элибиздин алдында турган милдеттерди биргелешип чечип, адам укуктарын коргоо жаатындагы жаңы багыттарды өздөштүрө алабыз. Мисалы, адам укуктары санариптештирүү шарттарында; гибрид жоокерлери; бизнес жана адам укуктары; бүгүнкү күндө адам укуктары менен эркиндиктери чөйрөсүндөгү кыйноолор жана башка көптөгөн көйгөйлөр катары квалификацияланбаган кыйноолордун жаңы түрлөрүн алдын алуу үчүн мыкты тажрыйбалар», – деди А. Абдрахматова.

Форумда Борбор Азия мамлекеттеринин Омбудсмендери менен эки тараптуу меморандумдарга кол коюу аземи болду, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин Омбудсмендеринин Форумунун Ташкент декларациясын кабыл алынды.