Атыр Абдрахматова Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир соболго жооп берди
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Атыр Абдрахматова “Азия news” коомдук-саясий гезитинин 2022-жылдын 12-майындагы (№19. 448 сандуу) чыгарылышында Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир соболго жооп берди.
Атыр АБДРАХМАТОВА, КР Акыйкатчысы:
Акыйкаттык издеп, зарлап жүргөн жарандардын көптүгү өкүнүчтүү” – Атыр айым, акыйкаттык издеген жарандар менен тыгыз иш алып барып жаткан экенсиң, кандай көйгөйлөр менен кайрылышууда?
– Акыйкатчылык кызматты аркалаганыма туура эки ай болду. Бул мөөнөттүн ичинде 400-дөн ашык адамды жеке кабыл алдым. Онлайн жаңы форматын киргизип, 29 адам онлайн форматында кабыл алуумда болду. Эң эле башкы көйгөйлөрдүн бири – сотторго нааразычылык айткандар көп. Андан кийин мамлекеттик органдарга, ошол эле президентке, Жогорку Кеңешке, УКМКга, ички иштер министрлигине барып кайрылып, жеке кабыл алууларына кире албай, кылмыш иши, сот иши болобу, акыйкаттык издеп зарлап жүргөндөр көп. Анан дагы жер маселеси менен кайрылгандар арбын. Тилекке каршы, ушул күндөрү жаш балдарыбызга болгон зордук-зомбулук күчөгөнүн көрүп турабыз. Дагы көп кайрылуулардын бири сыртта соттолуп кеткен же камакта жаткан жарандарыбызга жардам издегендер, жөлөк пул алалбай жаткандар, үлүш жерлери туура эмес бөлүштүрүлүп жатат дегендер, кредитти төлөй албагандар, каржы пирамидаларына алдангандар андан көп. Жеке кабыл алууда болгон жарандарыбыздын көйгөйүн чечип, колдон келген жардамыбызды берүүгө аракетибиз күч.