Атыр Абдрахматова: Адам укуктарынын сакталышын күчөтүү үчүн ИИМ жетекчилигинде жарандык кызматкерлер болушу керек

11/04/2022 - 11:17

2022-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова менен “Жарандык союз” бейөкмөт уюмунун теңтөрагасы Урмат Казакбаев кызматташуу жана биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Тараптардын кызматташуусунун алкагында укук коргоо тутумунда адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоону күчөтүү, аны демократиялаштыруу жана Кыргыз Республикасында аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландаштырылууда.
Мындан тышкары, жыйында төмөнкү сунуштар талкууланды:
– Ички иштер органдарынын ишинде адам укуктарынын сакталышын күчөтүү;
– Ички иштер министрлигинде жарандык башкаруу менеджментин мыйзамдык жактан бекемдөө зарылдыгы жөнүндө;
– Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин ачыктыгын жана отчёттуулугун камсыз кылуу;
– Потенциалдуу милиция кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун базасында адам укуктары боюнча курстан өтүү боюнча милдеттүү талапты киргизүү жөнүндө.