Аттестат чыры. Акыйкатчы «Ай Кью» мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн укуктарын камсыз кылууну талап кылды

24/08/2023 - 16:01

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Билим берүү жана илим министрлигинен «Ай Кью» окутуу-тарбиялоочу комплексинин (ОТК) 84 бүтүрүүчүсүнүн укуктарын камсыздоону талап кылат.

Акыйкатчынын дарегине 84 баланын ата-энелери жана «Ай Кью» ОТКнын директорунун кызыкчылыгын коргоп жаткан жактоочу М. Б. Кубаев жамааттык арыз менен кайрылышты.

Алар аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү аттестаттар өз маалында берилбегени үчүн ЖРТдин жыйынтыктары боюнча өздөрү алгач башында тапшырган жогорку окуу жайларга өтө албай жатканын даттанышкан.

Эскерте кетсек, буга чейин Билим берүү министрлиги «Ай Кью» ОТКнын лицензиясы жок экенин билдирүү менен 84 бүтүрүүчүгө аттестат берген эмес. Алар орто билим албаган болуп эсептелип жана документ түрүндө билим алышканын тастыктай албай калышкан, буга байланыштуу алар жогору окуу жайларына тапшыруу укугунан ажырашкан.

Ошого карабай бүтүүчүлөр ЖТРдин жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга документтерди тапшырышкан. Бирок аттестаттын жоктугунан улам аларды кабыл алышкан эмес.

Арыз берүүчүлөрдүн айтымында, бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайына кабыл алуунун эки турунан тең өтүшкөн, бирок алар талапкер болгон орундар аттестат болбогондуктан улам жокко чыгарылган. 2023-жылдын 1-августунда КРнын ЖОЖдоруна документтерди кабыл алуунун 3-туру башталган.

Бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери Акыйкатчы институтуна алардын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылышкан. Акыйкатчы институту тез аранын ичинде Билим берүү жана илим министрлигине балдардын укуктарын коргоо жана маселени камсыз чечүүнү камсыз кылуу талабы менен кайрылды.

2-агустта Билим берүү жана илим министрлиги баардык бүтүрүүчүлөргө аттестаттарды тапшырган.

Бирок аттестаттардын болгонуна карабай бүтүрүүчүлөр өздөрү ЖТРдин жыйынтыгы боюнча окууга тапшырышкан окуу жайларга кабыл алынышкан эмес.

Ошентип орто билим алгандыгы тууралуу документтин өз маалында берилбегендигинен улам, биринчи жана экинчи тур менен окууга тапшырышкан бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн орундарын жоготушкан. «Ай Кью» окутуу-тарбиялоочу комплексинин бүтүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарын коргош үчүн Акыйкатчы институту  КРнын Билим берүү жана илим министрлигине КРнын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө кошумча кайрылуу жөнөткөн.

Билим берүү министрлиги кошумча, бешинчи тур жарыялады.   

Бул арыз КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жеке көзөмөлүндө. Акыйкатчы институту «Ай Кью» окутуу-тарбиялоочу комплексинин бүтүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыктары менен укуктарын сактоону камсыз кылуусун Билим берүү министрлигинен талап кылат.