Атка минердин аракетинен жабыркаган Батмакан Жолдубаеванын иши КР Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун көзөмөлүндө

08/02/2022 - 12:17

2022-жылдын 6-февралында КР Акыйкатчысынын Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Рахматуллаев Баткен облустук биргелешкен ооруканасына барып, ал жерде блогер  жана көз карандысыз журналист Батмакан Жолдубаевага жолукту. Б.Жолдубаева КР Жогорку Кеңешинин “Ишеним” жана “Ынтымак” депутаттык фракцияларынын көчмө жыйынына катышуу үчүн Раззаков шаарына барганын, ал жерде түз эфир уюштуруп жаткан учурда КР Президентинин Баткен облусу боюнча  өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов журналисттин телефонун тартып алып, ага кол көтөргөнүн маалымдаган.

Батмакан Жолдубаева КР Акыйкатчысынын өкүлүнө жазуу жүзүндө арыз менен кайрылды. 7-февраль күнү бул арыз боюнча КР Президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө, Баткен облусунун прокуроруна, Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысына,  жана Баткен облустук ооруканасынын директорунун наамына тиешелүү кайрылуулар жолдонду.

Б.Жолдубаеванын иши КР Акыйкатчы институтунун көзөмөлүндө.