«Ата-энени барктайлы, баалайлы, сыйлайлы» темасында сүрөт конкурсунун жыйынтыктары 10-декабрь-Адам укуктарынын эл аралык күнүндө чыгарылды

13/12/2021 - 09:34

2021-жылдын 10-декабрында Нарын облустук  С.Орозбаков атындагы мамлекеттик маалымат китепканасында Адам укуктарынын эл аралык күнүнө арналган Нарын шаарынын мектептеринин 7-10-класстарынын  арасында «Ата-энени барктайлы, баалайлы, сыйлайлы» темасында сүрөт конкурсунун жыйынтыктоочу этабы өткөрүлдү. Бул иш чара КР Акыйкатчы институту тарабынан жарыяланган Адам укуктарынын бир айлыгынын алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги уюштуруучулары катары:

1. КР Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгү,

2.С.Орозбаков атындагы Нарын облустук маалымат китепканасы,

3.«Теӊдеш» кризистик борбору,

4.«Жаӊы ысым» коомдук уюму чыгышты.

10-декабрь –Адам укуктарынын эл аралык күнүндө конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоого арналган салтанаттуу аземде КР Акыйкатчысынын Дипломдору номинанттарга тапшырылды.

Сүрөт конкурсуна  шаардагы 10 мектептин  7 мектебинин окуучулары катышып, алардан  41 сүрөт келип түшкөн. Конкурсанттардын жумуштарын курамында 5 адамдан турган комиссия карап,  жыйынтыгы чыгарылды.

Комиссиянын төрагасы болуп  КР Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Джаанбаев аныкталды.

Комиссиянын курамына:

1.Саякбаева С.-  «Теӊдеш» коомдук уюму.

2.Байгабатова А.- облустук китепкананын  директору.

3.Татарбеков С. -Чкалов мектебинин сүрөт боюнча мугалими.

4.Кадыркулова Б.-  «Жаӊы ысым» коомдук уюму.

Калыстар тобу иштерди дыкаттык менен карап чыгышып, жыйынтыгында алдыңкылар аныкталды

Баш байгеге (Гран при) Эралиев Баэл- №1 Токтогул орто мектебинин          9-классынын окуучусу;

I орунга: Алмазбек кызы Мээрим, К.Жакыпов мектебинин 10-классынын окуучусу; Канатбекова Айкөкүл№2.Чкалов  мектебинин  10-классынын окуучусу

II орунга: Нурланбекова Кулпунай, №1 Токтогул мектебинин  9-классынын окуучусу; Таалайбек кызы Альбина №2 Чкалов орто мектебинин  10-классынын окуучусу;

III орунга: Капарова Таазим, №10  Ж.Чолпонбаев оро мектебинин 10-классынын окуучусу; Муратканова Мукадас- №7.М.Сыдыков мектебинин   8-классынын  окуучусу татыктуу болушту.

КР Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Джаанбаев  конкурска катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.