Астрахань облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, КРнын Акыйкатчысы жана Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жаранына документтерин алууга жардам көрсөтүштү
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) Кыргыз Республикасынын жараны В.Шиловдун кызыкчылыгында Астрахань облусундагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Спицын кайрылган.
.Спицындын КР Акыйкатчысына кайрылуусунда:
«Астрахан облусунда жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Василий Федорович Шилов эски паспортунун ордуна Кыргыз Республикасынын жаңы паспортун алууга жардам берүү маселеси боюнча мага кайрылды.
Арыз ээси Россия Федерациясына 2000 -жылдын 27 -июнунда Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына жер которууга уруксаттын негизинде келген. Ага жер которуучу статусу берилген.
Оор финансылык абалына байланыштуу жана жарандын инсандыгын тастыктаган документтин жоктугунан, убактылуу катталган деген маалымкаттын жоктугунан В.Ф.Шилов. паспортун документтештирүү маселесин чечүү үчүн өзү Кыргыз Республикасынын Элчилигине келе албайт».
Бул кайрылуу боюнча, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актылары каттоо департаментине суроо-талап жөнөткөн.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын талабы боюнча Калкты каттоо департаменти В.Шиловго 1994-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен документтештирилгендиги тууралуу маалыматты жөнөткөн. Бирок ал Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу боюнча арыз берген эмес.
Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 1953 -жылы туулган, учурда Россия Федерациясынын аймагындагы Астрахань шаарында жашаган В.Шиловго Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен кайрылды.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен жооп келип түштү, анда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмү жаран В.Ф.Шиловго Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен документтештирүү маселеси алкагында жардам көрсөтүү боюнча белгилүү иштерди аткаргандыгы маалымдалды.
Тактап айтканда, 2021 -жылдын 14 -июлунда Элчиликтин Консулдук бөлүмү «ЖААК», «Консулдук каттоо», «Паспорт» автоматтык маалымат тутуму аркылуу жеке идентификациялык номерди берүү маселеси чечилди, В.Ф.Шиловду каттоо, ошондой эле кабыл алуу жол -жоболору жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту менен документтештирүү боюнча максималдуу жардам көрсөтүү максатында аталган жарандын документтери кабыл алынган.
Ошондой эле, Элчиликтин Консулдук Бөлүмү В.Ф.Шиловдон консулдук жыйымдарды албастан, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендиги жөнүндө Корутунду чыгарып берген.
В.Ф.Шиловго Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн консулдук жыйымдарды алуу жеңилдетилген негизде жүргүзүлгөн.
Жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча, максималдуу жардам көрсөтүлүп, 2021-жылдын 27 -июлунда В.Ф.Шиловго 2020 -жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту берилген.
2021-жылдын 28-июлунда В.Ф.Шиловдун жаңы даярдалган паспорту дипломатиялык каналдар аркылуу Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кийин ээсине берүү үчүн жөнөтүлгөн.
Ошентип, Астрахань облусундагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жана Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жаранына аны документтештирүүдө жардам көрсөтүштү.