Аскер лицейинен 50дөн ашуун тарбиялануучунун качуусунун себеби алардын өзүлөрү тарабынан аскердик тартипти бузуусу эсептелет
2019-жылдын 6-сентябрында эртең менен интернет басылмаларда Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинен 16-17 жаштардагы 56 тарбиялануучунун качканы тууралуу маалымат жарыяланаары менен эле КР Акыйкатчысынын жарандык-саясий укуктарды коргоо, жарандардын, жарандыгы жоктордун, мигранттардын жана аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери бул окуу жайдагы жагдайды аныктоо жана болгон окуянын себептерин иликтөө үчүн барган.
Окуу жайынын начальниги полковник Д.Узбеков, анын тарбия иштери боюнча орун басары, ошондой эле аскердик тартипти бузган тарбиялануучулар, алардын ата-энелери менен сүйлөшүүдөн анык болгондой, 56 тарбиялануучу бүтүрүүчү (11-) класста окушат. Тарбиялануучлардын айтымдарында алар физикалык даярдыктын белгиленген ченемдерин аткарууну каалашкан эмес, алар “аксакал (бүтүүчү класс)” болгондуктан, аларга жеңилирээк жүктөм болуусу керектигин айтышкан. Бирок командирлер болочок офицерлерге эч кандай жеңилдик болбошун билдиришкенде, алар качууга аргасыз болушканын айтышкан.
Учурда бардык 56 баланын ичинен 52си өз күнөөлөрүн моюндарына алып, лицейдин начальниги жана командирлерден кечирим сурашкан. Алар расписание жана күн тартиби боюнча ырааттамага түшүшкөн. Ал эми мындай качууну уюштурушкан 4 тарбиялануучу Д.Асанов атындагы лицейде окууну улантууну каалабаганын билдиришип, катардагы мектептен окуусун улантаарын билдиришкен.