Аскер кызматын өтөөдө адам укуктарын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отуруму өттү

22/07/2022 - 12:52

Кой-Таш аскердик бөлүгүндөгү аскердин өлүмү, Беловодск айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкеринин ур-токмокко алынышы, Нөөмөт жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкеринин Республикалык психо-неврологиялык борборго түшүп калышы ж.б. окуялардан кийин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топтун курамында Акыйкатчы институтунун, Башкы Прокуратуранын, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери, ошондой эле, “Аскер кызматчыларынын энелери республикалык комитети”, “Жарандык Союз” коомдук бирикмелеринин, “Кыйноолорго каршы коалиция” уюмунун, “Кылым шамы” коомдук фондунун кызматкерлери бар.

Бүгүн жумушчу топтун биринчи отуруму болду. Отурумду Акыйкатчы Атыр Абдрахматова ачып, “Аскерлердин аскердик кызмат өтөп жатып өлүмгө учурашы, суицидке барышы жана ур-токмоктолушу, “дедовщина” деген түшүнүктүн сиңип калышы, бул аскердик тармактагы абалдын начардыгынан кабар берет. Мындай окуялар улана берсе, ата-энелер уулдарын аскерге жиберүүдөн баш тартат, анда мекенди кимге ишенебиз, ким бизди коргойт?- деп тынчсыздануусун билдирип, жумушчу топтун алдына төмөнкү максаттарды койду:

1. Акыркы 5 жылдын ичиндеги аскерлердин өлүмү, өзүн-өзү өлтүрүү, уруп-сабоо боюнча фактыларды топтоп, аскерлердин укуктарынын сакталышына талдоо жүргүзүү;

2. Аскер бөлүктөргө барып, жеринен мониторинг жүргүзүп, аскер кызматкерлери алардын ата-энелери менен сүйлөшүү жана сурамжылоолорду өткөрүү;

3. Аскерлердин суицидге алып келген көйгөй/себептер жана аскердик бөлүктө “дедовщинаны” алдын алуу, кыйноолорду болтурбоо боюнча сунуштарды даярдоо

4. Улуттук жана эл аралык мыйзамдарды жана практиканы изилдеп, биздин укуктук-ченемдик актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.