Аскер кызматкерлеринин укуктарынын, эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Ош шаарында жайланышкан аскер бөлүктөрүнө жүргүзүлгөн мониторинг жыйынтыкталды

12/09/2018 - 15:22

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрынан 8-сентябрына чейин Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын Жарандык-саясий, укуктарды, мигранттардын, чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен аппараттын Ош облусундагы өкүлчүлүгү Ош шаарында жайгашкан Куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүгүндөгү аскерлердин укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында иш-сапарга чыгып келишти.  

Акыркы учурда КРнын куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө өз милдеттерин өтөп жаткан аскерлердин өлүмү, алардын укуктарынын бузулушу катталган фактылар мониторинг жүргүзүүгө түрткү болду.

Аскерлер менен жолугушуу Ош шаарынын №36806, №01692, №92840, №2024, №703 аскер бөлүгүндө болду. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерин Ош шаарында жайгашкан дивизиянын командиринин орун басары, полковник Мурзаканов Мурат коштоп жүрдү жана пайда болгон айрым суроолорго ордунан жооп алынып жатты.

Аскерлердин кийимине, денелеринин жаракатына, жаткан жериндеги төшөнчүлөрдүн камсыздалуусуна, ашканадагы тамак-аштын, азык-түлүктөр сакталуучу кампалардын сапатына көңүл бурулуп, мониторинг жүргүзүлдү.

Ошондой эле аскер бөлүктөрдө жайгашкан медициналык кызматтык имараттардын жалпы абалы, стационардык дарыланууда жаткан аскерлердин абалы, аларга карата дары-дармектер менен камсыздоо кандай жүргүзүлүп жатканы текшерилди. Андан тышкары от жаккан бөлмө, мончо, кийим кургатуучу жай, кошумча чарбалардын абалы да текшерүүдөн өткөрүлдү.  

 Ата-энеси келген учурда жолугууга бир суткага уруксат берилет, ошондой эле уюлдук телефон расмий түрдө уруксат берилбегени менен аскерлердин талаптары канааттандырылып, жакындары менен уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүп турганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Дем-алуу убагында же кечкисин телевизор көрүшөт.

Бардык иш-чаралар командирлер бекиткен атайын иш-тартибине ылайык жүргүзүлүп келет. Аскерлердин купуя арыз-даттануулары үчүн атайын үкөктөр коюлган. Жыл бою аскер бөлүгүнөн качып кеткен аскерлер болгон эмес. Аскерлер жашаган казармада атайын тактайчада аскер бөлүгүнүн башчысынын, Аскер прокуратурасынын, Кыйноолорду алдын  алуу улуттук борборунун, КРнын Акыйкатчысынын жана аскерлердин ата-энелер комитетинин телефон номерлери жазылып илинип турат.

Командирлер курамында милдеттерин өтөп жаткан аскерлер алар үчүн турак-жай маселеси толук чечилбегендигин, балдарын мектепке, балдар бакчасына орнотууда кээ бир кыйынчылыктар болуп жаткандыгы көйгөй жаратып жатканын айтышты.

Аскерлерге карата анкеталык сурамжылоо төмөндөгүдөй  жыйынтыкты берди:

Аскерлердин улуттук курамы (орто эсеп менен) – 98% кыргыздар;

Кызмат өтөп жаткан аскерлердин: 94% -эркектер, 6%- аялдар;

Бир аскерге бир күндө тамагына бөлүнүүчү каражат – (орто эсеп менен) 65 сом;

Офицерлердин орточо эмгек акысы – 18–20 миң сом;

Катардагы жоокерге айына берилүүчү каражат – (орто эсеп менен)

300 сом.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча сунуштамалар даярдалып, тийиштүү жактарга жөнөтүлмөкчү

  • Мөөнөттүү аскер кызматкерлери милдетин өтөп жаткан убакта жакындары менен байланышууда «Кыргыз почтасынын» кызматы пайдаланылбай калгандыгын тастыкташты (кат жазуу толук токтогон), аскерлер зарыл учурда прапорщик, офицерлердин уюлдук телефон аркылуу жумасына бир жолу жакындары менен байланышып тураарын билдиришти. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө мөөнөттүү аскер кызматкерлерине жакындары менен байланышуу үчүн расмий түрдө уюлдук телефонду пайдаланууга мыйзам чегинде, жумасына бир жолу уруксат берүү (ансыз да бул процесс аскер бөлүктөрүндө жүрүп жатат). Бүгүнкү күндө уюлдук телефон байланышы мыйзамдаштырылган эмес.
  • Аскер бөлүктөрүндө контрактык негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүн турак-жай менен камсыздоо.
  • Мониторинг учурунда мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткандардын көпчүлүк пайызы кыргыз улутундагы аскерлер экени маалым болду. Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда 80 ашуун улут жашайт. Андыктан  башка улуттагы жигиттерди дагы мөөнөттүү аскер кызматына чакыруу керек.