Аскат Азарбековдун наамына Аксыдан келген ыраазычылык кат

17/02/2022 - 16:58

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын электрондук дарегине жана факс аркылуу  Аксыдан келип түшкөн ыраазычылык катты өзгөрүүсүз берүүнү туура таптык.  Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Нарынбекович Азарбеков  2021-жылдын октябрь айында  “Укук кербени” долбоору менен Жалал-Абад облусун түрө кыдырып келген. Укугу бузулгандарга бир топ жардамын көрсөткөн.  Учурда КР Акыйкатчы Аппаратынын жетекчиси Аскат Нарынбекович Азарбеков Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордуна татыктуу талапкер.  Бирок бул кызматка КР Жогорку Кеңеши гана шайлай турганын кайрылуу ээлери билишпесе керек.

 Урматтуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) кызматкерлери!

Биз, Жалал-Абад облусунун, Аксы районунун тургундары Сиздерге төмөнкү маселе боюнча кайрылабыз.

2021-жылы октябрь айында бизге Сиздер тараптан КР Акыйкатчы (Омбудсмен) кызматкерлеринин аппарат жетекчиси Азарбеков Аскат Нарынбекович келип бизде кандай көйгөйлүү проблемалар бар деп текшерип келген. Районубуздагы көптөгөн проблемаларды оң жагына чечип берип кетти. Алсак, Аксы районунун  Жалпы дарыгерлик  практика борборунун медицина ызматкерлери “Кызыл зонада” 2 айдан бери иштеп акча каражатын албаган 150 медицина кызматкерлерин ошол замат А. Азарбеков оң жагына  чечип берди эле алар акчаларын алышты. 2 лаборант 4 айдан бери акчасын алар да алышты.

Биз билген Токон Мамытов агабыз да эң тажрыйбалуу инсан болуп иштеген.

Аскат Нарынбекович өзүн жогорку катардагы адис катары көрсөтүүдө, өз милдетине чынчыл, акниеттүүлүк менен мамиле жасайт экен.

Уюштуруу жөндөмдүүлүгү жогорук экен. Калк кызматкерлер арасында урмат-сыйга ээ болду.

Элибизге үлгү болуп жана алар менен абдан жакшы иш алып барды.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) кызматкерлери биз Аксы районунун элдери Сиздерден суранат элек КР Акыйкатчы (Омбудсмен) кызматкерлеринин аппарат жетекчиси Азарбеков Аскат Нарынбековичти КР ЖК депутаттарына Төрага кызматына сунуштап берсеңиздер.

Азарбеков Аскат Нарынбекович КР Акыйкатчы (Омбукдсмен) кызматкерлеринин Төрагасы болуп жакшы иштеп берет деп биз толук ишенебиз.

Сиздерди терең урматтап,

Аксы районунун тургундары

15-февраль, 2022-жыл.