А.Сарыбаев бүгүнтөн тартып ачкачылык жарыялаарын билдирди

17/09/2021 - 17:45

Бүгүн, 2021-жылдын 17-сентябрында Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек ШИИБ убактылуу кармоочу жайына барышты. Ал жерден «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү, учурда бийликти күч менен тартып алууга шектелип кармалган Алмаз Сарыбаев менен жолугуп, маектешишти.

А.Сарыбаев  Акыйкатчынын өкүлдөрү аркылуу Омбудсмен Токон Мамытовго жазуу жүзүндө кайрылып, бүгүн саат 16-00дөн тартып ачкачылык акциясын баштаарын маалымдады. Ачкачылык кармоого негиз катары ал анын пикиринде, ага негизсиз жана мыйзамсыз кылмыш ишинин козголушун атады.