Арыз ээсинен ыраазычылык кат
19/06/2019 - 16:33
Урматтуу Токон Болотбекович! Мен Бакиров Эмил 25 жылдан бери ала албай жүргөн паспортумду, Сиздин жардамыңыз аркылуу көптөн бери күткөн кыргыз жараны катары, 24-апрель 2019-жылы өз колума алдым.
Мындан тышкары бул иштин оң тарапка чечилгенине себепкер болуп, Сиздин Экономикалык-социалдык бөлүмүңүздүн кызматкерлери Имарали кызы Чынара, Касымбекова Салтанат себепкер болуп чыгышты.
Аларга жана Сизге чоң ыраазычылыгымды билдирем.