Арыз ээси жеке клиникалардын биринин дарыгерин бейтапты дары менен эмес, торт менен дарылоого аракет кылган деп айыптады. Бейтап каза болгон

16/09/2022 - 10:34

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына А.Б. аттуу жаран 2020-жылдын 10-июлунда COVID-19дан көз жумган 37 жаштагы, 1983-жылы туулган уулу А.Т.нын окуясы боюнча кайрылган.

Арыз ээси өзүнүн кайрылуусунда, “анын жашы жете элек эки баласы жетим калды. Ал менин жалгыз уулум жана багуучум болчу. Менин уулум жеке клиниканын врачы Т.Т.К дарылаосундагы шалаакылыктан улам каза болду-деп маалымдайт.

Бул арыз боюнча, Акыйкатчы аппараты Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине суроо-талап жөнөткөн. Министрдин орун басары У.Бектургановдун колу коюлган жоопто, “А.Бнын кайрылуусунда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн. Комиссия медициналык документация (оорунун таржымалын) талданды жана рецензиялар берилди, жеке клиниканын дарыгери  Т.Т.К. күнөөсү аныкталды"-деп жазылат.

Тактап айтканда, төмөнкүлөр аныкталды: “2020 -жылдын 26 -июнунан 4 -июлуна чейин бейтаптын абалынын оордугун баалабоо, буга чейин 1 -июлда Т.Т.К. абалынын начарлашына байланыштуу үйгө чакырылгана карабастан, дарыгер бейтаптын абалын канааттандырарлык деп баалаган. Дарыгер Т.Т.К. нын этикага жатпаган жүрүм -туруму ( бейтаптын абалы начарлап кеткендигине байланыштуу үйгө дарыгерди чакырганда, ал торт сатып алып, бейтапка  тамак берет. Муну дарыгер бейтаптын алсыздыгы- начар тамактанып жаткандыгы, тамактын жетишсиздиги менен түшүндүрөт)".

Ошондой эле, арыз ээси А.Б. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне кайрылганын айтты (Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган № 03-055-2020-000094).

Арызда көрсөтүлгөн себептердин негизинде кылмыш иши козголуп, бирок Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү Айдарбек уулу Р. тарабынан негизсиз токтотулган. Буга байланыштуу арыз ээси Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасына жогорудагы тергөөчүнүн аракетсиздиги боюнча арыз менен кайрылган. Бул арызга прокуратурадан жооп келген (25.04.2021-ж. Чыг. №1840-21), анда тергөөчү Айдарбек уулу Р.нын ишти кыскартуу чечими жокко чыгарылгандыгы жана материал Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн жөнөтүлгөндүгү айтылган.  Сотко чейинки өндүрүш тапшырмасынын жыйынтыгы менен А.Б. га Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тааныштырган.

Бирок, арыз ээсинин айтымында, ушул күнгө чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы кылмыш иши боюнча эч кандай тергөө иш-чараларын жүргүзбөй келет (КЖЖБР No 03-055-2020-000094).

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуроруна кайрылып, А.Б.нын арызын жеке көзөмөлүнө алып, ошондой эле жеке клиниканын дарыгери Т.Т.К.нын аракеттерине укуктук баа берүүнү жана аталган арыз боюнча сотко чейинки өндүрүштү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик  кодексинин талаптарына так ылайык жүргүзүүнү тапшырууну суранды.