Арыз ээси Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине ыкчам жана адамгерчиликтүү көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди

10/09/2020 - 09:16

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытовдун жеке кабыл алуусунда Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштеген Р.Э. аттуу жаран болуп, ал Акыйкатчыга аталган гимназиянын мурдагы директору тарабынан кызматтан мыйзамсыз бошотулгандыгы жөнүндө арызданган.

Р.Э. айтымында, ал 2020-жылдын 3-августундагы буйрук менен кызматтан бошотулганын мыйзамсыз дейт. Анткени ал 4-августта эртең менен мектепте болгон, эмгек акысы сакталбаган өргүүгө арыз жазган. Ошол күнү кечинде  watsapp тиркемеси аркылуу 3-августта жумуштан алынганын уккан. Р.Э. пикиринде, мектептин директору 4-августта кызматтан алынган, кызматынан алынган   директор арткы дата менен 2020-жылдын 3-августу менен Р.Э., кызматтан кетирүү жөнүндө буйрук чыгарган.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы бул арызды карап чыгууну Акыйкатчы Аппаратынын Социалдык жана экономикалык укуктарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырган.  КРӨ алдындагы Мамэкотехинспекцияга кайрылуу жөнөтүлгөн. Ошондой эле, бул кызматтан бошотуунун чоо-жайын тактоо үчүн Бишкек шаарынын элге били берүү башкармалыгына чалуулар болду.

Бир нече күндөн кийин Р.Э., Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытовго жазуу жүзүндө кайрылып, анда аны кызматтан алуу жөнүндө буйрук жокко чыгарылгандыгын, ал мурдагыдай эле өз кызмат ордунда иштеп жаткандыгын, ошондуктан буга чейин  берилген арызы боюнча иш өндүрүшүн жүргүзүүнү токтотууну суранды.

"Менин арызыма ыкчам жана адамкерчиликтүү көңүл бурганыңыз үчүн сизге жана аппараттын бардык кызматкерлерине рахмат айтам", - деп жазган отставкадагы полковник, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы  Р.Э.

Р.Э. эмгек укуктары калыбына келтирилди. Мугалимге жаш муундарды тарбиялоодо ийгиликтерди каалайбыз.