Араван районундагы инцидент боюнча КР Акыйкатчысынын билдирүүсү

21/09/2020 - 18:11

2020-жылдын 20-сентябрында Ош облусунун Араван районундагы шайлоочулар менен жолугушуу учурунда болуп, массалык мушташууга чейин жетип, натыйжада жергиликтүү тургундар жабыркаган окуя дыкаттык менен териштирилиши керек, -деп эсептейт КР Акыйкатчысы Токон Мамытов.

 

Ички иштер, улуттук коопсуздук жана прокуратура  органдары кыраакылыкты жана ыкчамдыкты көргөзүшү керек, ал эми сот органдары обьективдүү болуп, мыйзамдуу гана чечимдерди алышы керек. Инциденттин баштагандар жана катышуучулар аныкталып, жазага тартылышы керек. Башаламандыкты болтурбоо үчүн  алдын алуу чаралары көрүлүшү керек. Шайлоо процессинин катышуучуларынын тиешелүүлүгү дыкат иликтенип, эгер тастыкталса Борбордук шайлоо комиссиясы дароо карашы керек.  

Азыркы учурда партиялар бул окуя боюнча өз билдирүүлөрүн таратышты. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 26-беренесинин 1-пунктуна ылайык, “Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга, чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү”.

Араван районунда коопсуздук камсыздалбады. Эгер укук коргоо органдары жеринде өз убагында, ыкчам жана ийкемдүү иштей алганда бул инцидентти болтурбай коюуга болмок.

КР Акыйкатчысынын пикиринде, партиялар ортосунда чынчыл, ак ниет атаандаштык болууга тийиш. Шайлоо мыйзамга шайкеш өткөрүлүп, анын жыйынтыктары эч кимде күмөн жаратпоого тийиш.

Белгилеп коюучу жагдай, Акыйкатчы аппаратынын Ош облусу жана Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин бир тобу  окуя болгон Араван районуна  иш сапарына жөнөтүлдү. Бул маселенин иликтениши Акыйкатчынын көзөмөлүндө. Ошондой эле Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болууга тийиш,-деп эсептейт Акыйкатчы Токон Мамытов.