Ала-Бука районунун ооруканасында бейтаптардан мыйзамсыз акча каражаты алынат

07/10/2021 - 15:06

Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата КР Акыйкатчысы тарабынан демилгеленген “Укук кербени” долбоору өз ишин улантып жатат. Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси А.Азарбеков башында турган топ  7-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү калк маалымдагандай, райондук ооруканада маалымкат бергени үчүн, рецепт жазганы жана текшерүүгө жолдомо бергени үчүн бейтаптардан акча (20дан 200) алынат.

Түшкөн маалыматтын чын бышыгын билүү үчүн КР Акыйкатчы өкүлдөрү аталган ооруканага мониторинг жүргүзүштү. Бейтаптардан акча алуу фактылары тастыкталды. Мындан сырткары, белгилүү болгондой бейтаптарды ооруканадан чыгарууда кайсы бир фондго деп 50 сомдон 100 сомго чейин акча каражаты алынат. Оорукананын персоналы белгилегендей бул каражат имараттын майда- оңдоп түзөө жумуштарына, кагаз ж.б. алууга жумшалат.

Мындай чогултууларды дарыгерлер бюджеттен жетишсиз каржылангандык менен түшүндүрүшөт. Мында оорукананын айрым бөлүмдөрүндө антисанитария байкалат, душ бөлмөлөрү белгиленген талаптарга жооп бербейт, мамлекеттик кепилдиктер программасы тууралуу  маалыматтар жок.

Орун алган кемчиликтерди жоюу жана тиешелүү тартипке салуу максатында Акыйкатчы аппараты тарабынан республиканын тиешелүү органдарына Көңүл буруу актысы жөнөтүлөт.