Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Тажикстандын Омбудсмени Умед Бобозода менен телефон аркылуу сүйлөштү

16/09/2022 - 10:57

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова Тажикстан Республикасынын Омбудсмени Умед Бобозода менен телефон аркылуу сүйлөштү

Атыр Абдрахматова Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлери тарабынан ок атуучу куралдарды, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонууга жол берилбестигин баса белгилеп, тажик кесиптешине Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлерин ок атууну токтотууга чакыруу өтүнүчү менен кайрылды.

Акыйкатчы белгилегендей, Кыргызстандын аймагындагы тынч элге, жарандык объектилерге аткылоодон аялдар, балдар жабыркап курмандык болууда, элдин үйлөрү, социалдык инфраструктурасы өрттөлдү.

Ошол эле учурда Тажикстан Республикасынын да тынч жашап жаткан жарандардын “тирүү калкан” катары колдонулушу жалпы адам укуктарын бузууда. Кыргыз Республикасынын аймагын жана Кыргызстандын жарандарын аткылоону токтотуу максатында Акыйкатчы А. Абдрахматова аткыланган аймакта эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү сунуштады. Тараптар үзгүлтүксүз байланышта болууну макулдашышты.