Акыйкатчынын жардамы менен майыптыгы бар жаран аскердик билетин алды

18/05/2026 - 15:37

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту Ысык-Көл облусунун тургунуна аскердик билетин алууга жардам берди.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Түп районунун 24 жаштагы тургуну А.И. аскердик билет алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. 

II топтогу майыптыгы бар А.И. Түп райондук аскер комиссариаты анын укуктарын бузуп жатканындыгына даттанган. 

Арыздануучу үч жылдан бери аскердик билет ала албай жүргөнүн билдирген.  Анын айтымында, аскер комиссариаты жарандын майыптыгын далилдеген ар кандай маалымкаттарды талап кылып келет. 

Жаран өзү Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын 4-курсунда окуйт. 2023-жылы аскерге чакырылган. 

"Мен аскер комиссариатынын кызматкерине бардык керектүү документтерди, анын ичинде төрөлгөндөн тарта майыптыгым бар экендиги тууралуу мөөнөтсүз күбөлүктү тапшыргам. 2 айдан кийин аскердик билетти алганы келсем, алар эми хирургтун операция жасалгандыгы тууралуу ооруканадан маалымкатты талап кылышты. Негизи бул маалымкаттын кереги деле жок экен", - деди А.И. 

Акыйкатчынын аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Түп аскер комиссариатына барып, жигиттин өздүк иши менен таанышып чыкты.

Комиссариат  музыкалык окуу жайдан алынган маалымкаттын негизинде студенттин аскерде кызмат өтөө мөөнөтү 2026-жылдын июнь айынын аягына жылдырылган. 

Анын документтеринин арасында Ысык-Көл райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы (МСЭК) 2020-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилге берген II топтогу майыптыгы тууралуу мөөнөтү өтүп кеткен маалымкат бар. Бирок, А.И. айткан МСЭКтин мөөнөтсүз маалыматкатынын көчүрмөсү жок болуп чыкты. 

Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамына ылайык, I, II же III топтогу майыптыгы бар 18 жаштан жогору жарандарга аскердик билет дароо берилип, алар аскердик каттоодон чыгарылат. 

Омбудсмендин аймактык өкүлү МСЭКтин райондук бөлүмүнө кат жөнөтүп, арыз ээсинин 2021-жылы берилген мөөнөтсүз майыптыгы тууралуу маалымкаты бар экенин ырастады.  

Ушундан кийин гана, 2026-жылдын май айында жигитке аскердик билет берилди.