Акыйкатчынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгү калк арасында

10/07/2021 - 16:40

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгү жылдык иш планга ылайык Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жөнүндө мыылымдуулуктуу жогорулатуу үчүн  «Бир Дүйнө - Кыргызстан» коомдук укук коргоо борбору менен биргеликте 2021-жылдын 2-июнунан 7-июнга чейин Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда жана Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарларында бир катар иш-чараларды өткөрдү.

Бул иш-чараларга социалдык кызматкерлер, мугалимдер, аксакалдар өкүлдөрү, аялдар, жаштар топторунун лидерлери, аскер кызматкерлери, айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жооптуу кызматкерлери, суу жана айыл чарба адистери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Акыйкатчынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы ишмердүүлүгү, ошондой эле Кыргызстандын Акыйкатчысы менен байланышуу жолдору жана “115 шыр байланыш” кызматынын  иши жөнүндө айтып беришти.