Акыйкатчынын Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнө ыраазычылык кат

15/05/2020 - 10:18

Жалал-Абад шаарынын комендатурасы  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерин жигердүү иштегендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

COVID-19-коронавирустун таралышын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Жалал-Абад шаарынын комендатурасы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыял Токтобаевага Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери “ COVID-19- "Бирге жеңебиз" – аттуу комендатура тарабынан түзүлгөн штаб иштеринин алкагында,  жергиликтүү калкты колдоого багытталган социалдык жана кайрымдуулук долбоорлоруна жигердүү катышкандыгы үчүн  ыраазычылык катын жөнөттү. 

Коронавирус пандемиясынын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында Кыргызстанда өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жана Акыйкатчынын борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле анын региондук өкүлчүлүктөрү, Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-бер.  2-пунктуна ылайык, өз ишин эч кандай чектөөлөрсүз жана толук көлөмдө жүргүзүп жатты.