Акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү эми Бостериде да жарандарды кабыл алат
Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери эми Бостери айылында да жарандарды кабыл алат.
Ысык-Көл районунун Бостери айылында КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жарандардын кайрылууларына жеринен укуктук жардам көрсөтүү үчүн кеңсе ачып иштей баштады
Кеңсе Мамытов көчөсү 73 дарегиндеги К. Жылкыбаев атындагы маданият үйүнүн имаратынын ичинде жайгашкан. Байланышуу үчүн 0779 300 403 номуруна чалып же WhatsApp аркылуу жазса болот.
Бостери айылында жарандарга жеринен укуктук жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүк арыз менен ыкчам кайрылууга, укуктук кеңеш алууга жана кайрылууларына жооп алууга шарт түзөт.
Буга чейин Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү Каракол шаарында гана иштеп келген.
Ысык-Көл облусу Акыйкатчыга кайрылуулардын саны боюнча үчүнчү орунда турат.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл өкүлчүлүгүнүн башкы кеңсеси да жарандарды төмөнкү даректе кабыл алат: Каракол шаары, Абдрахманов көчөсү, 105/11.
Байланыш номурлары: (03922) 5-08-10, 5-05-64.