Акыйкатчынын Урал федералдык округунун өкүлү Екатеринбург шаарындагы жаңжалды жөнгө салууга жардам берди

21/07/2020 - 11:19

Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоодо Россия Федерациясынын субъектилеринде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ыйгарым укуктуу өкүлдөрү белгилүү ролду ойнойт.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдө Россия Федерациясынын Урал федералдык округундагы Акыйкатчынын өкүлү Жыргалбек Белеков 20-июлда Екатеринбургда тажик ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, чыр-чатакты чечүү маселелерин талкуулагандыгын, ошондой эле жаштар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечимге келгенин айтты.

Тактап айтканда, Россия Федерациясынын Урал федералдык округунун Акыйкатчысынын өкүлү Жыргалбек Белеков жана Екатеринбург шаарындагы тажик диаспорасынын башчысы 18-19-июль күндөрү Екатеринбург шаарында үй-бүлөлүк негизде кыргыз жана тажик диаспораларынын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон жаңжал жөнүндө биргелешкен видео билдирүү жасашты (https://www.e1.ru/news/spool/news_id-69374773.html).

Өзүнүн видео кайрылуусунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ыктыярдуу негиздеги ыйгарым өкүлү Ж. Белеков жаштарга бул жакка акча табуу жана үй-бүлөсүн колдоо үчүн келгендигин, андыктан бири-бирине сабырдуу болууга, мыйзамдуулукка жана коомдук тартипти бузбоого үндөп, тынчтыкка, достукка, ынтымакка, бейпилдикке чакырды. Ошондой эле ал кыргыз жана тажик элдеринин үй-бүлөлүк мамилелери бар экендигин эскертип, бул "Манас" эпосунда жазылганын айтты.

 Ал ошондой эле азыр бүткүл дүйнө, анын ичинде коңшу элдер - кыргыздар менен тажиктер пандемиянын оор шарттарында жашап жаткандыгын жана мындай кырдаалда ар бири өз жакындарынын ден-соолугуна кам көрүшү керектигин жана өз мекенинен алыс туруп, кырдаалды курчутпашы керектигин эскертти.

Бул биргелешкен видео кабар социалдык тармактар ​​аркылуу кыргыз жана тажик диаспораларынын өкүлдөрүнө таратылат.