Акыйкатчынын “Укук кербени” Кара-Буура районунда

07/10/2021 - 15:09

2021-жылы  6-октябрда  Талас облусунун    Кара-Буура  районунун    Кызыл-Адыр  айылында  Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында    Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын  Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана документтик камсыздоо башкармалыгынын башчысы Келсинбек кызы Кереметкан, бөлүм башчы У.Аралбаев, Акыйкатчынын Талас облусу боюнча өкүлү  Ж.Узакбаева жана өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин,   Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акими  Б.Сагымбаев,    акимчиликтин аппарат жетекчиси жана райондук деңгээлдеги бир катар органдардын жетекчилеринин катышуусунда      Кара-Буура   районунун тургундары менен жолугушуу болду.

Жарандарга адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо багытында Акыйкатчы институту тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Жолугушууга келген жарандардан  жазуу жүзүндөгү 3 арыз түштү. Акыйкатчынын өкүлдөрүнө  21 жарандан оозеки кайрылуулар түштү. Кайрылуулардын мазмуну боюнча алсак  менчикке, жерге болгон укук,  экономикалык, социалдык, паспорт алууга   жана башка маселелер боюнча суроолор берилди. Айтылган бардык маселелерди  чечүү үчүн  кеп-кеңештер берилди.   

Катышуучулардан женил пайыздык кредиттер боюнча көп суроолор болгондуктан, райондун акими Б.Сагымбаев “Айыл банктын” жетекчиси М.Бейшекеевди чакыртып, элге түшүндүрүп берүүсүн өтүндү, М.Бейшекеевдин түшүндүрмөсүнө ылайык, женилдеттилген кредит Кара-Буура райондук филиалга 2021-жылы 61 млн. сом түшүп элге таратылып берилген. Бул кредитти алуу үчүн жыл жаңыргандан кийин банкка келип электрондук тизмеге катталуу керектигин, эң көйгөйлүү маселе бөлөк кредити жок болушу керек. Ошондой эле,  бул кредит айыл чарба багытында болгондуктан мал чарбага жана жер иштетүү үчүн гана берилерин белгиледи. Ошондой эле берилген башка суроолорго да жооп берди.