Акыйкатчынын сунушу боюнча аялдар абагына кутуча орнотулду

05/12/2019 - 15:46

Акыйкатчынын (Омбудсмендин) наамына Жазык-аткаруу мамлекеттик мекесинин № 2 түзөтүү мекемесиндеги (аялдар мекемеси) калган жаза өтөө мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгон аялдар жамааттык арыздары менен кайрылышкан.

Арыздарында, Акыйкатчы (Омбудсменди) КРнын ЖАМКнын №2 түзөтүү мекеменин ички аймагына өздөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулуусуна байланышкан маселелер боюнча, арыз-даттанууларга, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте алардан расмий жоопторду алууга болгон укуктарын калыбына келтирүү максатында, атайын кутуча орнотууга жардам берүүнү суранышкан. Анткени айрым учурларда жазган арыздары боюнча маалыматтары жок экендигин белгилешкен.

Мындан сырткары, соттолгон аялдардын жатак-абактарга, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана жазаны өтөөнүн мөөнөтүн башталышы жана аякташы жөнүндө маалыматтарды (тийиштүү тартипте эсептөө менен) КРнын ЖАМКнан расмий кат түрүндө жооп каттарды алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн.

Өз кезегинде, жогорудагы жамааттык арыздар Акыйкатчы (Омбудсмендин) өндүрүшүнө алынып, Аппараттын кызматкерлерине негизинен кароо үчүн айрым тапшырмаларберилген.

Арызды кароодо, Жазык аткаруу мамлекеттик кызматына жана жогорудагы аялдар мекемесинин башчысына, № 2 түзөтүү мекеменин ички аймагына соттолгондор үчүн атайын кутуча орнотуу маселесин чечүүнү тууралуу кайрылган сунушу канааттандырылып, аталган мекеменин ички аймагына кутуча орнотулду. Бүгүнкү күндө ар бир соттолгон арыз-даттануулары менен кайрылууга жана расмий жооп каттарды алууга укуктуу, жыйынтыктап айтканда мурдакы абалынан (процедурасынан) кыйла жеңилдетилди.

Мындан сырткары, арыз ээлерине жатак-абактарга, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана жазаны өтөөнүн мөөнөтүн башталышы жана аякташы жөнүндө маалыматтарды (тийиштүү тартипте эсептөө менен) КР ЖАМКнан расмий кат түрүндө кошумча алынып берилди.

 Акыйкатчы институту соттолгондордун, жаза жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын контролдоону туруктуу негизде жүзөгө ашыруу боюнча иштерди жасап жатканын маалымдайт.

Белгилеп кетсек, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 25-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, соттолгондордун өздөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулуусуна байланышкан маселелер боюнча сунуштары, арыздары жана даттануулары менен жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын жана мекеменин администрациясына, жогору турган органдарга, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук бирикмелерге кайрылууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте алардан жоопторду алууга укуктары бар.

         Жыйынтыгы менен жамааттык арыз ээлерине эгерде, мындан ары ушул арызга кошумчалары пайда болсо же болбосо башка эле мазмуундагы арыз даттануулары менен Акыйкатчы институтуна кайрылууга укуктары бар экендиги маалымат иретинде билдирилди.