Акыйкатчынын почтасынан: Ыраазычылык
22/08/2019 - 11:36
2018-жылдын май айынын аягында, мен Сизге уулум (1988-жылы туулган) С.М. жаза аткаруу тартибин өзгөртүүгө тагыраак айтканда, КР түштүк тарабына эмес, үйгө жакын Петровка айылындагы №8 мекемеге которуп берүүгө жардам сурап кайрылгам.
Сиз менин кайрылуумду дыкат карап, бул маселенин чечилишине көмөк көрсөткөнүңүзгө абдан ыраазымын.
Айрыкча, Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Альберт Колоповду белгилеп кетем. Укугу бузулган карапайым адамдын жана жарандын пайдасына иштей бериңиз. Ишиңизге ийгилик каалайм!
Урматтоо менен, Ч.Е.Ю 21.08.2019