Акыйкатчынын почтасынан. Башыма түшкөн оор күндөрдө бөлүмдүн эксперти тарабынан моралдык, укуктук жана психологиялык жактан эбегейсиз чоң колдоолорду алып турдум

31/03/2021 - 15:32

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына ыраазылык каттар байма-бай келип турат. Адатта, мындай каттар Акыйкатчынын, Омбудсмен аппаратынын жана облустук өкүлчүлүктөрүнүн кийлигишүүсүнөн улам укуктары корголгон, иштери оң чечилген жарандардан келип түшөт. Ушундай ыраазычылык каттын бирин төмөн жакта эч өзгөрүүсүз берүүнү туура таптык.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Б.Мамытовго

Сокулук районунун, Сокулук айылынын тургуну Б.Ж-ден

Ыраазылык кат

Урматтуу Токон Болотбекович, мага карата 2014-жылы мыйзамсыз козголгон кылмыш иши боюнча чындыкты, адилеттикти издедим. Иштин материалдары соттон сотко жөнөтүлүп, 5,5 жыл моралдык-материалдык зыян тарттым. Укуктук жардам сурап, Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратына кайрылдым.

Сиз, менин арызымды канааттандырып, ар бир соттук отурумдарга байкоо жүргүзүүгө өкүл  жиберип, 2 жылдан бери жеке көзөмөлүңүзгө алганыңызга ыраазычылыгымды билдирем.

Бардык соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүнө системдүү мониторинг жүргүзүлүп, бул кылмыш иши 5 (беш) жылдын ичинде I, II, III соттук инстанцияларда кайра-кайра кайталануулар менен каралып келди.

2020-жылдын 20-августунда Чүй облустук Жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы даттануумдагы көрсөтүлгөн жагдайлардын негиздүү экендигине, кыймыл-аракетимде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу актоо өкүмүн чыгарган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту прокуратуранын сунушу боюнча карап, 2020-жылдын 18-ноябрында бул өкүмдү күчүндө калтырды. Жогорудагы II жана III инстанциялардын күчүндөгү соттук актылары менин реабилитациялоого болгон укугумдун келип чыгышына негиз болду (КРнын ЖПКнин 134-бер.1-б.2-п).

2020-жылдын 1-мартында реабилитациялык укукту таануу боюнча (КРнын ЖПКнин 135-бер) арызым Чүй облустук сотунда, буга чейинки процесстерге катышып келген Сот процесстерин мониторингдөө бөлүмүнүн кызматкеринин катышуусунда каралып, канааттандырылды.

Сиздин көзөмөлүңүздө тийиштүү органдарга каттар жолдонуп, башыма түшкөн оор күндөрдө бөлүмдүн эксперти тарабынан моралдык, укуктук жана психологиялык жактан эбегейсиз чоң колдоолорду алып турдум.

Күч органдары тарабынан тебеленген укугумдун кеч болсо да кайра калыбына келишине өз салымын кошкон Сиз жетектеген Акыйкатчы институтунун коомдогу ордун баса белгилеп, мага окшогон укугу бузулган карапайым жарандардын укуктук жактан колдоо табаарына ишендим.

Урматтоо менен                                                                                Б.Ж.