Акыйкатчынын почтасынан

07/08/2019 - 14:37

КР Акыйкатчысынын наамына арыздары оң чечилген жарандардан ыраазычылык каттары байма-бай келип турат. Мындайда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери арыз ээлери менен кошо кубанышат. Ошондой ыраазычылык каттардын бирин оңдобой туруп, стилистикасын сактап назарыңыздарга сунуштайбыз.

“Саламатсызбы, урматтуу Токон Болотбекович,

 Мен, Жусубалиев Нурбек Абытович Ош областынын алысы Алай районундагы №12 И. Адишев атындагы мектептин директору болуп иштегенмин. “Турмуштун өйдө-төмөнү бар”-деген сыяктуу, 2018-ж декабрь айында мен жок жерден караланып, кызматымдан алынган болчумун. Бирок мен жетектеген коллектив 2019-жылдын январь айында сиздин дарегиңизге менин укугумду коргоо тууралуу арыз менен кайрылышкан (Ботобаев Т, Молдалиева С. ж.б.).

Аталган коллективдүү арыз Ош областындагы сиздин өкүлчүлүгүңүзгө жөнөтүлүптүр. “Ак ийилетбирок сынбайт”-деп айтылат эмеспи. Мен ошондой болдум. Бирок, менинэлдин алдында, коллективдин алдында ийилген тагдырымды түздөөгө Сиздин Оштогу кызматкерлериңиз себеп болду. Соттук отурумдарга катышышып, соттун жана күбөлөрдүн ар бир сөзүнө маани берип турушту. Бирок, 22.03.2019-ж Алай райондук соту менин арызымды канатандыруусуз калтырды.

Бул окуядан кийин,Сиздин кызматкерлер, экинчи соттук инстанция аппеляциялык арызды караганга чейин эле, Ош областынын Экотехинспекциясынын менин кызматымдан негизсиз бошотулгандыгым тууралуу корутундусу чыкты жана 2019-ж апрель айынан тартып кайрадан мурдагы кызмат ордума жумушка чыктым.

06.05.2019-ж Ош областык сот менин аппелияциялык арызымды карады. Сиздин кызматкерлер экинчи сот отурумуна да катышып, соттук отурум башталардын алдында мага эмне деп сүйлөөрүмдү, алдын-ала болжолдуу берилүүчү суроолорго кандай жоопторду айтуум тууралуу кеңештерн берүү менен мага башка жактоочу таап беришти.

Натыйжада, 27.06.2019 Ош областык соттун, Алай райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу менен, менин укугум толугу менен калыбына келтирилди.

Мен ушул мезгилге чейин Акыйкатчы институтунун адам укуктарын коргоо боюнча чоң укуктары бар экендигин жана негизгиси эч кандай төлөм же башка нерселердин жоктугун билбепмин. Демек, Кыргызстанда карапайым элдин укуктарын коргоочу, бекер кызмат көрсөткөн мамлекеттик орган бар экендигин билдим жана анын аныктыгына көзүм жетти.

Бардык окуяны жазып кете албайм, бирок эң биринчи Сизге Токон Болотбекович, андан кийин Сиздин Ош шаарындагы өкүлчүлүгүңүздүн жетекчиси Касымов Шамбет Казыбековичке жана өкүлчүлүктүн кызматкери Турганбаев Талантбек Сатыбалдиевичге соттук отурумдарга башынан аягына чейин катышып, юридикалык кеңештерин берип тургандыгы үчүн терең ыраазычлык билдирем.

Эгер мүмкүнчүлүк болсо өзүңүздүн укугуңуз менен аталган кызматкерлерди сыйлоого сунуш кылат элем.