Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү арыз ээсине паспорт алууга тиешелүү документтерин чогултууга көмөк көрсөттү

01/08/2019 - 11:26

Кыргыз Республикасынын  Акыйкатчысынын (Омбудсменинин)  Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнө,  Ош шаарынын Ирригатор көчөсүндө убактылуу жашап турган  И. А.  арыз менен кайрылган.

Ал, арызында  2008-жылы  белгисиз себептер менен паспортун жоготуп жибергендигин жана ушул мезгилге  чейин паспорт алуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылгандыгына карабастан,  паспортун ала албай жүргөндүгүн билдирген. Ошондой эле паспортту буга чейин Өзгөн районунун паспорт столунан алгандыгын маалымдаган.

2019-жылдын 15-июлунда Өкүлчүлүктүн кызматкери А.Пазылов арыз боюнча тиешелүү мекемелерге кайрылып,паспортко керектүү документтерди чогултуп, Мамлекеттик  каттоо кызматынын калкты тейлөө борборунун башчысына кат менен кайрылып, паспорт алууга  керектүү документтерин тактаттырып, паспорт алуу үчүн тапшырылган. Паспорту жакынкы арада колуна тиймей болду.

 И. А. 11жылдан бери  паспорт алуу үчүн кайрылбаган жерим калбай, паспорт алуудан үмүтүмдү үзгөн болчумун деп, Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнө ыраазычылыгын билдирди.  Учурда арыз ээси көздөн учкан паспортун колуна алмакчы.

Ушундай жагдайга учураган жарандар үчүн  маалымат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабырындагы №886 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жана барган жерине каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө”  жобого ылайык, (14 –пункт) туруктуу жашаган жери жок жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органында катталышат. Туруктуу жашаган жери жок жарандарды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын юридикалык дареги боюнча, адамдын ким экенин билдирүүчү документтин негизинде ишке ашырылат.

Каттоонун жыйынтыгында, туруктуу жашаган жери жок жарандарга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырыш үчүн маалымкат берилет.

Туруктуу жашаган жери жок жарандардын ким экенин билдирүүчү документтерин калыбына келтирүүгө, ошондой эле каттоого жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алууга байланышкан чыгымдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.