Акыйкатчы Институтунда Жогорку Кеңештин комитетинин көчмө жыйыны өттү
КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Регламенти боюнча комитетинин көчмө жыйыны болуп өттү.
Жыйынга депутаттар Гүлнара Акимбаева, Медербек Алиев, Жылдыз Таалайбек кызы, Болот Ибрагимов, Венера Салямова, Чыңгыз Ажибаев, Улан Сариев жана Умбеталы Кыдыралиев катышты.
Жыйындын жүрүшундө комитет менен институттун ортосундагы өз ара кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.
Комитеттин төрайымы Гүлнара Акимбаева депутаттар Акыйкатчы Институтунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана өлкөдө адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы биргелешкен ишти күчөтүү демилгесин колдой турганын билдирди.
Депутаттар Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын жана институттун аймактардагы өкүлдөрүнүн маалыматын угушту.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева институттун ишмердүүлүгү жана парламент менен кызматташуунун негизги багыттары тууралуу маалымат берди.
“Менин оюмча, Жогорку Кеңеш менен биргелешип өткөрүлгөн мындай иш-чаралар адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрдү өз убагында аныктоого жана аларды чечүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө өбөлгө түзөт. Акыркы жылдары Жогорку Кеңеш менен кызматташуу бир катар багыттар боюнча жүргүзүлүп, конкреттүү жыйынтыктарга жетиштик”, — деди Акыйкатчы.
Алгач Жамиля Жаманбаева институттун жылдык баяндамаларында камтылган сунуштамалардын аткарылышына токтолду. Эгерде 2023-жылга чейин алардын аткарылуу деңгээли 13 пайыздан ашпаса, 2023-жылы бул көрсөткүч 68 пайызга, ал эми 2024-жылы 79 пайызга жеткен.
Ошондой эле Акыйкатчы депутаттарга жабык жана социалдык мекемелерде өткөрүлгөн биргелешкен иш-чаралар жана мониторингдер тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары, Акыйкатчы Институту депутаттар менен биргеликте аймактарда жарандар менен жолугушууларды өткөрүп, жергиликтүү калктын көйгөйлөрү менен жеринен кабардар болууга жана аларды чечүү жолдорун талкуулоого багытталган иштерди жүргүзүп келет.
Жыйындын жүрүшүндө жарандардын кайрылууларын талдоо, бузулган укуктарды калыбына келтирүү механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан адам укуктарынын бузулушун алдын алуу маселелери да талкууланды.
Комитеттин мүчөлөрү Акыйкатчы Институту менен өз ара кызматташуу планын иштеп чыгуу чечимин кабыл алышты.
Жыйындын соңунда депутаттар институттун иштөө шарттары менен таанышып, кызматкерлери менен баарлашты.