Акыйкатчынын Ош өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери ачкачылык жарыялаган М.Калыковго жолугушту
Баткен облусунун мурунку прокурорунун өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан М.Калыковдун укук коргоо жана сот органдарына нараазычылык билдирип мөөнөтсүз ачкачылык жарыялагандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) тапшырмасына ылайык, КР Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 2019-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ош шаарындагы № 25-мекемесине барып, соттолуучу М.Калыков менен жолугуп, анын ачкачылык кармаганы боюнча төмөнкүлөрдү аныктап чыгышты.
Калыков Мелистин акыбалы жакшы, бирок өзүнүн айтымында, кээде башы ооруп, кан басымы жогорулап жатат. Мекеменин дарыгерлери убагында карашып, кан басымын текшерип, дары- дармекти берип жатышканын маалымдады. Ал кармалып турган камеранын абалы жакшы, электр муздаткыч коюлган. Мекеменин администрациясына жана кызматкерлердин аракетине эч кандай арыз доосу жок экенин, алар мыйзамдын талабына ылайык мамиле кылып жатышканын айтты.
Акыйкатчынын өкүлдөрүнүн М.Калыковдон «Ачкачылык жарыяладыңызбы?» -деген суроосуна 2019-жылдын 5-августунан тартып кармап жатканын , тамак ичпей жатканын маалымдаган.
Анын себеби, Ош шаардык сотунун судьясы Ж.Кудаяровго жана сот отурумуна, мамлекеттик каралоочу катары катышып жаткан, прокуратура кызматкерлерине ишенбөөчүлүк билдирген болчумун, бирок алар аткарбай жатышат-деп жооп берди.
Мекеменин жетекчилигинен М.Калыковдун ачарчылык жарыялаганы боюнча сураганда мындай маалыматты билбестиктерин айтышты жана М.Калыковдон ачкачылык жарыялоо боюнча мекемеге жана анын жетекчилигине арыз түшпөгөнүн билдиришти. 6-август күнү Ош шаардык сотуна барбай калганынын себеби, тамагы жана ичи ооруп калгандыктан барбаганын М.Калыков өзү билдирди жана аны мекеменин медициналык кызматкери тастыктады.