Акыйкатчынын Ош облустук өкүлчүлүгү милиция кызматкерлери башына баштык кийгизди деген өспүрүмдүн ишин көзөмөлгө алды

10/06/2019 - 11:02

Милиция кызматкерлери уурулук кылганды мойнуна алдырыш үчүн 2004-жылы туулган өспүрүмдүн башына баштык кийгизишкен делген окуяны Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү көзөмөлгө алды.

Эске салсак, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов бул бала боюнча кыйноо далилдери бар деген маалыматты тараткан. Андан кийин ИИББ маалымат-кызматы бул маалыматты жокко чыгарган.

Акыйкатчы арыз ээси менен жолугуп, алардын жүйөөлөрүн угууга Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине тапшырма берген. Бала жана анын апасы менен жолугушууда, апасы милициялар баласынын башына баштык кийгизип кыйнашып, жыйынтыгында аны ууру кылганы боюнча мойнуна алдырышканын айтып туруп алган. Апасынын көзүнчө баладан түшүнүк кат алынды. Апасы тарабынан КР Акыйкатчыга расмий арыз жазылды.  Белгилек кетчү нерсе,  кызматкерлер баланын денесинен көгала көрбөгөнүн айтышты.

Акыйкатчынын өкүлчүлүгү Стамбул протоколунун негизинде, комплекстүү соттук-медициналык жана соттук-психиатриалык экспертиза дайындоо боюнча КР Улуттук коопсуздук  мамлекеттик комитетинин Ош облустук башкармалыгына кайрылуу катын жөнөттү.