Акыйкатчынын орун басары Г.Жамгырчиева жана Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин тобу Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында иш сапарында жүрүшөт

24/09/2019 - 12:01

КР Акыйкатчысынын буйругунун негизинде ушул күндөрү КР Акыйкатчысынын орун басары Г.Жамгырчиева жана КР Акыйкатчы аппаратынын Психиатриялык мекемелердеги бейтаптардын укуктарын коргоо кызматынын  кызматкерлери иш сапары менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында иш сапарында жүрүшөт. Алар иш сапарынын алкагында аталган облустардагы психиатриялык мекемелеринде инспекциялык иштерди жүргүзүшөт.

23-сентябрь күнү Акыйкатчынын орун басары Г.Жамгырчиева Ош олустук психикалык саламаттык борборунун жетекчисинин иш кабинетинде атайын жыйналыш өткөрүп, андажакында эле КР Акыйкатчысы Токон Мамытов тарабынан КР Жогорку Кеңешинде баяндама берүү учурунда КР Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан калктын ден соолугун сактоо, адамдардын ден соолукка укугу чөйрөсүндөгү айтылган сын-пикирлер жана сунуштарга токтолду. Г.Жамгырчиевабул чөйрөдөКР Акыйкатчысынын Ош облустук өкүлчүлүгү менен чогууиштей турчу багыттарды белгиледи.

Жолугушууга   Ош областык психикалык ден-соолук  борборунун директору,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын директору,  КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координаторунун орун басары,  КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин)  Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышты.

Жыйындан кийин анын катышуучулары менен биргеликте

Ош областык психикалык ден соолукборборуна текшерүү иши жүргүзүлдү.