Акыйкатчынын орун басары Бакудагы симпозиумда адам укугун коргоодо эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи
КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) орун басары Айчүрөк Назаралиева Бакудагы “Мыйзам үстөмдүгүнүн бекемделиши: Акыйкатчылардын жана улуттук укук коргоочулардын ролу” аталышындагы эл аралык симпозиумда институттун адам укугун камсыздоо багытында ишмердиги тууралуу сөз сүйлөдү.
Иш чара Азербайжандын Конституция жана Эгемендүүлүк жылы, ошондой эле 18-июнь - Адам укуктары күнүнө арналып, ага 15 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын катышуучулары глобалдашуу процесси, учурдагы куралдуу жаңжалдар жана башка көйгөйлөрдөн улам адам укуктары жаатындагы кызматташууну күчөтүү зарылдыгын айтышты.
Айчүрөк Назаралиева Кыргызстанда адам укуктарын коргоодогу иш-аракеттерге токтолду.
Назаралиева белгилегендей, Акыйкатчы Институту - бул жарандардын жана мамлекеттин, мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн ортосундагы байланыш. Анын милдети – укук бузууларды гана эмес, көйгөйлөрдүн алдын алуу жана системдүү өзгөртүүлөрдү сунуштоо.
“Эл аралык кызматташтыкты дагы да өнүктүрүү, чет жерде эмгектенип жүргөн жарандардын укуктарын коргоо - институтуттун артыкчылыктуу багыттарынын бири”- деди Назаралиева.
Ошону менен катары эле, ал симпозиумдун катышуучуларын жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо эл аралык кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүүгө чакырып, бул багытта биргелешкен аракеттердин маанилүүгүн белгиледи.
Жыйындын катышуучуларына Адам укуктары боюнча улуттук институттардын глобалдык альянсынын (GANHRI) төрайымы Амина Буаяш менен Адам укуктары боюнча улуттук институттардын Европа тармагынын (ENNHRI) төрайымы Луиза Холктун видео кайрылуулары да угузулду.
Жыйынтыгында Омбудсмендердин эл аралык симпозиумунун декларациясы кабыл алынды.