Акыйкатчынын өкүлү катышкан сот процессинде иш арыз ээсинин пайдасына чечилди

20/12/2021 - 12:14

КР Акыйкатчысынын Баткен облустук өкулчулугүнө 2021-жылдын октябрь айындаа  Сүлүктү шаарынын тургуну К.А.Х.,  арыз менен кайрылып, Лейлек райондук сотунда өтүүчү сот отурумдарына катышып,  укугун коргоп берүүнү  суранган.

Өкулчулук арыз боюнча. Сүлүктү шаарына барып, арыз ээсине жолугуп,  арыз боюнча прокуратура, мэрия жана башка тийиштүү жерлерге кайрылып. Арыз ээсинин укугун коргоо максатында Сулукту шаарынын мэриини милдетин аткаруучуга жолугуп, маселени чогуу чечүүнүн жолдорун сүйлөшкөн. Шаар мэри тарабынан арыз ээсин  кабыл алуусун камсыз кылган.

Ошондой эле Лейлек райондук соттогу отурумдарга катышкан. Жыйынтыгында, жаран  К.А.Х., доо арызы толугу менен  сырттан кабыл алынган чечим менен канаатандырылган.

Өкүлчүлүк 2021-жылдын 15-декабрь  куну да Баткен областтык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын соттук отурумуна да катышкан. Облустук соттук коллегия жаран К.А.Х., доо арызы боюнча жоопкерлердин аппеляциялык даттанууларын канааттандыруусуз калтырып,  Лейлек райондук соттун 2021-жылдын 22-октябрдагы сырттан кабыл алынган чечимин күчүндө калтырган.

Өкүлчүлүккө кайрылган жаран К.А.Х., бузулган укуктары соттордун актылары менен калыбына келтирилди.