Акыйкатчынын өкүлү Аксы жана Ала-Бука райондорунда эл менен жолугушту

06/06/2019 - 11:25

2019-жылдын 27-28-майында КР Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкери, КР Президентинин Аппаратынын өкүлү жана КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин жетекчиси менен биргеликте  алыскы райондордун калкы менен жолугушту.

Бул иш чара БУУӨПтүн колдоосунда алыскы “Чек ара аймагында жашаган жаштардын укуктук маалыматын кеңейтүү” долбоорунун алкактарында Аксы районунун “Кербен” шаарынын, Кашка-Суу айыл аймагынын жана Ала-Бука районунун “Көк Серек” айыл аймагынын жаштары жана жалпы тургундары менен жолугушууларды, тегерек столдорду өткөрүшүп, айыл тургундарына укуктук кеңештерди беришти жана берилген суроолорго жеринде чечүүгө жардам көрсөтүлдү.

Мындан тышкары КР Акыйкатчы институтунун аткарып жаткан иш-аракеттери тууралуу маалымат менен айыл тургундары тааныштырылды.