Акыйкатчынын өкүлдөрү Нарын облусунун Кеңеш айылындагы “контейнер-мектепке” мониторинг жүргүзүштү

05/09/2019 - 15:44

2019-жылдын 4-сентябрында Акыйкатчынын Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кеңеш айылындагы “мобилдүү мектепке” мониторинг жүргүзүштү. Ал жакта окуучулар 20 тонналык 5 контейнерде билим алышып, алтынчы контейнер мугалимдер бөлмөсү катары жабдылган эле.

Казалы Абиров атындагы бул мектептин директору Самара Турусбекованын айтымында, мектептин негизги корпусу  1974-жылы  ишке берилген, типтүү мектеп эмес 140 балага эсептелип курулган. 2015-жылы эле КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын корутунду чыгарылып,пайдаланууга жараксыз деген тыянак чыгарылган.

Имараттын жоктугунан окуу процесстери улантылып келинген. 2017-жылы облустук прокуратура тарабынан атайын Көрсөтмө берилип,окуу процесстерин улантууга тыюу салынган.Бирок айылдагы жалгыз  мектеп болгондуктан, окуу процесси үзгүлтүккө учурабасын деп жаӊы мектеп окутуу улантылган.

Негизги корпус жараксыз абалга келгендиктен, 2019-жылдын  29-30-август күндөрү 6 (алты) жыйырма тонналык контейнер ӨКМ тарабынан берилген, Нарын раймамдаминистрациясынын  күчү менен  алынып келинип, спорт аянтчасына коюлуп, ички жасалгалары жасалып, 2-сентябрь күнү окуучуларды  кабыл алышкан. Директордун айтуусунда адегенде  6 шатер беришмек, бирок кийин контейнер беришкен.

Жергиликтүү  бийликтегилер бул маселени 2015-жылдан бери КР Өкмөтүнүн деӊгээлинде кө-төрүшүп, бюджеттин тартыштыгы деген шылтоо менен жаӊы мектепти куруу ишке ашырылбай, планга кошулбай калууда.

2019-жылы жазында КР Билим берүү министри Г. Кудайбердиева келип мектептин имараты менен таанышып,бул жылдын планына кошулат  деген убадасын эл алдында берген. Бирок 2019-жылдын планына аталган мектептин имаратын куруу кошулбай калган. Бул окуучулардын билим алууга болгон конституциялык укуктарын бузууга алып келүүдө.

Контейнерлер негизги мектеп имаратын алмаштыра албайт,  тар болгондуктан башталгыч класстардын окуучуларынын 15-16сы гана араң батат. Эгер жогорку класстын окуучулары окуп калышса, (парталарга) отургучтарга  батып окуу чоӊ ыӊгайсыздыкты жаратат.

Күн ысыкта үп болуп,  аба жетишпей, күн суукта суук болуу фактысы байкалды.

Балдарды контейнерде  окутуу аргасыздан болгон аракеттер деп баалоого болот.

Жогорудагыларга байланыштуу КР Акыйкатчы аппараты КР Өкмөтү бул маселени токтоосуз түрдө чечип,  Кеңеш айылында 200 окуучуга эсептелген типтүү, заманбап үлгүдөгү мектептин курулушун баштоо зарыл деп эсептейт. Бул маселе Акыйкатчынын көзөмөлүндө.

P/S: Мектепте баардыгы  21 мугалим иштейт, муну ичинен 19у жогорку билимдүү, 2 мугалим атайын орто билимдүү. Техперсоналдардын саны - 7.