Акыйкатчынын өкүлчүлүгү тарабынан Жалал-Абад областтык психикалык саламаттык борборуна мониторинг жүргүзүлдү

03/09/2020 - 09:40

Кыргыз  Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгү 2020-жылы 18-августта Жалал-Абад областтык психикалык саламаттык борборуна мониторинг жүргүздү.

Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборунда 2020-жылдын март айынан (өзгөчө кырдаал  киргизилген убакыттан) бери дарыланууга жаткандардын жалпы  саны (март, апрель, май, июнь)-342, былтыркы жылга салыштырмалуу (2019ж-416) 74 бейтапка аз санда дарыланууда, себеби Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундарынан COVID-19  оорусу аныкталгандан кийин 16-марттан баштап  областка карантин-өзгөчө кырдаал киргизилип,  №181 буйруктун негизинде (“токтоосуз түрдө кайрылган бейтаптарды кабыл алуу, пландуу түрүндөгү бейтаптарды кабыл алууну токтотуу”) бейтаптарды токтоосуз түрдөгү кайрылган бейтаптарды, алгоритмдин негизинде, ооруканада жаткан бейтаптардын кайрылуусу жана туугандарынын жолугушуусу саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарынын талаптарына ылайык бүгүнкү күнгө чейин каралып жатат. Дары-дармек психиатриялык жана наркологиялык бейтаптарга жетиштүү, COVID-19 илдетинен дарылоочу дары-дармектер тендерге өткөрүлгөн, азыркы күндө келе баштады. Жеке коргонуу шаймандары (СИЗ) (коргонуучу костюм, бир жолу колдонуучу бет кап, көп жолу колдонуучу бет кап, респиратор, бахила, коргоочу көз айнек, кол кап, антисептик, дезинфекциялоочу заттар) бүгүнкү күндө жетиштүү. Тамак-аш норма боюнча берилүүдө.

Учурда жалпы 61 жаран дарыланууда. Алардын ичинен эркектер бөлүмүндө - 22, аялдар бөлүмүндө – 16, наркология бөлүмүндө – 23. Пандемияга байланыштуу дарылануучулардын саны кескин азайган.

Ошондой эле жеринде Жалал-Абад шаарынын тургуну Ч.К. арызы боюнча иликтөө жүргүзүлдү жана тийиштүү маалыматтар алынып, борбордогу дарылануучулар менен жекече маектешүү болду. Борбордогу бейтаптар тарабынан мекемедеги шарттарга жана кызматкерлерине карата арыз даттануу болгон жок. Аталган арыздын негизинде кайрымдуулук борборунун кызматкери М.Назаралиева чакыртылып, түшүнүк кат алынды.