Акыйкатчынын өкүлчүлүгү Нарын университетинде бюджеттик орундарга кабыл алууга мониторинг жүргүздү
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын мамлекеттик университетине бюджеттик орундарга кабыл алуу процессине мониторинг жүргүзүлдү. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча (ОРТ) 2019-2020-окуу жылына карата Нарын мамлекеттик университетинде абитуриенттерди кабыл алууда 2019-жылдын 9-13-июль, 15-20-июль, 22-27-июль күндөрү кабыл алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүлдү.
1-курска студенттерди кабыл алуу иштерин жогорку денгээлде уюштуруу максатында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун «2019-2020-окуу жылына НМУнун кабыл алуу комиссиясын түзүү жөнүндө» (04.07.2019-жылдагы № 654/1) буйругу чыгарылып, ага ылайык 12 мугалимден турган комиссия түзүлүп, иш алып барышты.
Кабыл алуу комиссиясы алты күндүк иш график менен саат 9-00дөн 17-00гө чейин иш алып барышты.
Кабыл алуу комиссиясында жарандардын кайрылууларын каттоо журналы ачылган.
Аппеляциялык комиссия түзүлгөн.
Бюджеттик орундар -71 болсо, 3-турдун жыйынтыгы менен 71 абитурент кабыл алынып, жеӊилдик алган абитуриенттер багыты боюнча 6 орун бош калган, кабыл алуу комиссиясынын чечими менен бул орундар филология багытына берилди.
Гранттык комиссия бир турда эки жолу: урнаны ачуу жана кабыл алууга сунуштоо учурунда, кабыл алынгандарды тастыктоо учурунда отурумдарын өткөрүштү.
Урналарды ачууда талондордун катышы шайкеш келди.
Абитуриенттердин категориялары жана аларга мамлекеттик билим гранттарын пайыздык бөлүштүрүүдө, абитуриенттердин жалпысы бийик тоолуу аймактарда жайгашкан орто окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн түздү.
НМУга абитуриенттерди кабыл алууда эч кандай мыйзам бузуу фактылары аныкталган жок. Абитуриенттер жана алардын ата-энелери тарабынан нааразычылык билдирген кайрылуулар болгон жок.