Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлдөрү ачкачылык акциясына мониторинг жүргүзүштү

13/03/2019 - 12:18

Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта   2019-жылдын 11-мартында 4 адам ачкачылык акциясын башташкан. Алар Нарын шаарындагы борбордук базар көчөсүндөгү жайгашкан айрым соода күркөлөрүн алып салуу боюнча жергиликтүү бийликтин аракетинен кийин башталган. Акциянын катышуучулары күркөлөрдү коюуга жана соода кылууга тийиштүү уруксат кагаздары бар экенин маалымдашкан.

КР Акыйкатчысынын өкүлү Т.Джаанбаев акцияга мониторинг жүргүзүп,  жекече аӊгемелешүү өткөргөн. Аталган  фактылар боюнча прокуратурага, Антикоррупциялык кызматтарга арыз менен кайрылууну сунуштады. Катышкандар мындай арызды тийиштүү мамлекеттик органдарга беришкендигин билдиришти.

КР Акыйкатчысынын өкүлүнүн маалымдоосунда, Нарын ШИИБ кызматкерлери коопсуздукту тийиштүү деӊгээлде  камыздаган.

Акчкачылык жарыялагандарга КР Акыйкатчы Институнун функционалдык милдети түшүндүрүлүп, тынч митингдерин өткөрүүнүн жол-жобосу   тууралуу укуктук жактан кеӊештер берилди.