Акыйкатчынын Нарын облустук өкүлчүлүгү Нарын шаарында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүздү

28/05/2019 - 15:21

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан  2019-жылдын 18-20-май күндөрү Нарын шаарындагы   № 8 Астанбек Буйлаш уулу орто мектебинде, № 4 Ибраев атындагы орто мектебинде жана  № 7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинде болуп өткөн Жалпы  республикалык  тестирлөөнүн  жүрүшүнө мониторинг жүргүзүлдү.

Нарын шаарындагы № 8 Астанбек Б.уулу орто мектебиндеги тесттик борборунда негизги тестирлөөдөн 308,  предметтик тестирлөөдөн 526 бүтүрүүчү, Нарын шаарындагы № 4  Ибраев атындагы орто мектебиндеги тесттик борборунда негизги тестирлөөдөн 319, предметтик тестирлөөдөн 564 бүтүрүүчү  жана № 7 М.Сыдыков атындагы орто мектебиндеги тесттик борборунда негизги тестирлөөдөн -319,  предметтик тестирлөөдөн 319 бүтүрүүчү өтүшкөн.   Предметтик тестирлөөдөн: Тарых, англис тили, биология, физика, химия, математика  предметтеринен тапшырышты.  

Мониторинг учурунда КР Акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тест тапшыруу борборунда бөлмөлөрдүн санынын жетиштүүлүгү, алардын ыңгайлуулугуна, маалыматтык плакаттардын болушуна, парта, отургучтардын жетиштүүлүгүнө,  медициналык түйүндүн жана кызматынын иштешине, ошондой эле  тестирлөө өтүп жаткан учурда тиешеси жок адамдар жолтоо болгон жокпу деген маселелерге көңүл бурулду.

Эч кандай эрежелерди бузуулар катталган жок. Бүтүрүүчүлөрдөн жана алардын ата-энелеринен арыз түшкөн жок.